Беларуста Лукашенконун режимине каршы нааразылык чаралары улантылууда
19-декабрда Беларустун борбору Минск шаарында жана башка шаарларда Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык жүрүштөр жана жыйындар өттү. Мындай жыйындар өлкөдө 133 күндөн бери өткөрүлүп келет. 1994-жылдан бери бийлик тизгинин колдон чыгарбай келе жаткан Лукашенко 9-августтагы президенттик шайлоодо «жеңишке жетти» деп жарыяланган. Бирок оппозиция өзгөчө бурмалоо менен жетишилген бул натыйжаны жокко чыгарууну талап кылып, иш жүзүндө атаандаш талапкер Светлана Тихановская жеңген болчу деп келет. Читать дальше...