Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 08.12.2020

Чыгыш классиктеринин чырагын жандырган кыргыз котормочу

Azattyk.org 

Чыгыш адабиятынын берметтерин кыргыз тилинде устаттык менен сүйлөткөн заманбап котормочу Кубанычбек Шарше уулу Басылбековдун чыгармачыл торпосунда жарыкка чыга элек даяр котормо эмгектер арбын. Жазуучу Мирзохалим Каримовдун блогу.

Бишкек мэриясында бир топ жетекчилер алмашты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев 8-декабрда муниципалитеттин жаңы кызматкерлерин жана жетекчилерин жамаатка тааныштырды.   Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Түлөбаевдин чечимине ылайык, мэриянын аппарат жетекчиси болуп Абдес Анарбеков дайындалды. Ал буга чейин аппараттын жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып келген. Ошондой эле Мырза-Айым Кымчыбекова мэриянын борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн орун басары, Асхат Осмонов мэрдин кеңешчиси, Нурлан Наматов... Читать дальше...

Талапкерлердин ичинен Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна эң көп акча түштү

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) көзөмөлдөө-текшерүү тобу президенттик шайлоого катыша турганын билдирген 20 кишинин шайлоо фондуларына түшкөн каражаттар жана анын сарпталышы тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, шайлоо фондуна эң көп акча Садыр Жапаровдон түшкөн. Анын акчасы шайлоо фонддорундагы 44,7 миллион сомдук жалпы эсептин 33.5% түзөт.  Андан кийин жеке ишкер Бабур Төлбаев турат, анын шайлоо фондуна 5,2 млн. сом которулган.  Калган 18 кишинин шайлоо фонддоруна 1,1 миллион сомдон 2,5 миллион сомго чейин акча түшкөн. Читать дальше...

Лукашенко ага каршы чара көргөн Эл аралык Олимпиада комитетин "банда" деп атады

Azattyk.org 

Александр Лукашенко Эл аралык Олимпиада комитетин “банда” деп атады. Анын алдында Беларустун Улуттук Олимпиада комитетин да жетектеген Лукашенкого Эл аралык комитет өткөргөн иш чараларга, анын ичинде Олимп оюндарына катышууга убактылуу тыюу салынган.

Референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун бүгүн, 9-декабрдагы сессияда кайра карай турганы күтүлүп жатат. Мыйзам долбоору шашылыш түрдө парламенттин 3-декабрдагы жалпы жыйынына биринчи окууга киргизилип, бирок кворум жок болгондуктан депутаттар ага добуш берген эмес. Документ 9-декабрда кайра кароого киргизиле турганы айтылган. Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум... Читать дальше...

Акыйкатчы соттолуучулардын даттануу тартибин аныктоо үчүн эки кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылды

Azattyk.org 

Акыйкатчы институтунун атайын комиссиясы Кыргызстанда абакта отурган аялдын укугу бузулганын аныктады.  Акыйкатчы институту соттолгон аялдын өзүн жатак абагына которуу тууралуу арызы негизсиз четке кагылганын 8-декабрда билдирди. Маалыматка караганда, буга чейин аялдар колониясынын жетекчилиги Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) атайын комиссиясына соттолуучуну жатак абакка которууну сунуш кылган. Бирок атайын комиссия аны четке каккан. Соттолуучунун адвокаты Бишкектин Свердлов райондук... Читать дальше...

БУУ комитети кыргызстандык аял убактылуу кармоочу жайда дискриминацияга кабылган деп тапты

Azattyk.org 

Бириккен улуттар уюмунун Аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча комитети кыргызстандык жаран Роза Горбаева абакта дискриминацияга кабылган деп тапты. Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалициясы бейөкмөт уюму билдиргендей, комитет Горбаеванын арызы боюнча 1-декабрда чечим кабыл алган. Кыргыз тарапка аялдарга карата дискриминацияны жоюу боюнча бир катар сунуштарды берди. Анда дискриминациядан жабыркаган  Роза Горбаевага келтирилген зыян үчүн каржылык компенсация төлөө,  абактарда отурган аялдардын медициналык жардам алышын камсыз кылуу... Читать дальше...

Сергей Лавров Германиядагы ашынган оңчул партиянын өкүлдөрү менен жолукту

Azattyk.org 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 8-декабрда Германиянын оппозициячыл оңчул популисттик “Германия үчүн альтернатива” партиясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул партия Бундестагда депутаттардын саны үчүнчү орунду ээлейт жана бир катар маселелер боюнча Москва менен окшош позицияны карманат. Сергей Лавров немис делегация Мамлекеттик Думанын чакырыгы менен келгенин билдирди. Ал Германиянын бийлиги партия өкүлдөрүнүн Орусияга келишине тоскоол болгонун белгилеп,  орус бийлигин сындаган орус оппозициясынын... Читать дальше...



Брейк-данс 2024-жылдагы Олимп оюндарынын тизмесине киргизилди

Azattyk.org 

2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиаданын программасына брейк-данс, серфинг, скейтбординг жана аскага чыгуу мелдештери киргизилди. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Томас Бах билдирди. «Париж-24түн» уюштуруучулары спорттун заманбап, жаңы өзгөрүүлөрдү чагылдырган түрлөрүн камтууну, жаш муунду көбүрөөк тартууну көздөгөнүн айтып жатышат. 2020-жылдан тартып киргизилген жаңы саамалыкка ылайык, оюндарды кабыл алган өлкө программага киргизилчү түрлөрдү өзү сунуш кыла алат. Читать дальше...

Арменияда оппозициянын акциялары башталды

Azattyk.org 

Арменияда оппозициянын тарапкерлери өлкөнүн борбору Ереван баштаган бир нече шаарда акцияларды өткөрүп жатат. Мындай акциялар оппозиция премьер-министр Никол Пашинянды кызматтан кетишин талап кылган мөөнөт аягына чыккан 8-декабрда башталды. «Никол, чыккынчы», «Николсуз Армения» деген ураандарды чакырган жүздөгөн адамдар Еревандын көчөлөрүнө чыгып, шаардагы автоунаа кыймылын бууду. Акциянын бир нече катышуучусун милиция кармады. Митингдер Гүмрү, Ванадзор сыяктуу башка шаарларда да өттү. Оппозициячыл... Читать дальше...

Чеченстандын муфтийи аялдарга паранжы кийгизбейт

Azattyk.org 

Тажикстанда оппозициялык күч болуп саналган Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары Махмурод Одинаев эки айга камалды. 2024-жылы Парижде өтө турган Жайкы Олимпиаданын программасына брейк данс, серфинг, скейтбординг жана аскага чыгуу мелдештери киргизилди.

Володиндин Кыргызстанды кыйыткан кеби

Azattyk.org 

Октябрь айындагы толкундоодон кийин бийликке келген Кыргызстандын жетекчилиги эң жогорку деңгээлдеги биринчи чет элдик расмий сапарын Орусияга багыттады.

Ирандын Жогорку соту журналистти өлүм жазасына тартуу боюнча чечимин күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Ирандын Жогорку соту оппозициячыл журналист жана активист Рухолла Замды өлүм жазасына тартуу боюнча өкүмдү күчүндө калтырды. Бул жөнүндө сот системасынын расмий өкүлү Голайхоссейн Эсмаили 8-декабрда билдирди. Ал сот өкүмү качан чыкканын тактаган жок. Журналистке карата эң катаал чечим быйыл июнь айында чыккан болчу. Анда Замдын «AmadNews» сайты жана «Телеграм» каналы 2017-жылы башталып, апталап созулган, түмөндөгөн адамдар катышкан өкмөткө каршы нааразылык акцияларын уюштурууга зор өбөлгө болгону айтылган. Читать дальше...

Жасалма уруктандырууга талап да, нааразылык да көп

Azattyk.org 

Кыргызстанда акыркы жылдары ЭКО же жасалма уруктандыруу аркылуу балалуу болууга талап да, нааразылык да күчөдү. 8-декабрда Бишкекте ЭКО жасаган клиникалардын бирине нааразы болгон аялдар чогулушту. Алар олчойгон акча төлөп, бирок кош бойлуу боло албаганына нааразы. Дарыгерлер ЭКО аркылуу 100% эч кимге кепилдик берилбесин жана келишимде тобокелдиктер эске алынарын жүйө келтирет.

Равшан Жээнбеков: Конституциялык кеңешме жабык түзүлдү

Azattyk.org 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты, президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирген Равшан Жээнбеков «Азаттыктын» 2х1 форматындагы маегинде айтты. Ал өлкөнүн жаңы Конституциясын келечекти көрө билген саясатчылар, илимпоздор жазып, ал Баш мыйзам узак мөөнөткө иштеши керек экенин айтты. «Кыргызстанда Конституциялык кеңешме туура эмес түзүлдү. Себеби, кеңешме жамынып, бекинип алып түзүлбөйт. Ал ачык-айкын, мамлекеттеги бардык саясий күчтөрдүн катышуусу менен куралат. Кеңешме бардык катмардын өкүлдөрүнүн ... Читать дальше...

Парламенттик шайлоодон кийин добуш берүүчүлөр 20 миңге көбөйдү

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) баштапкы тизмеге ылайык, шайлоочулардын саны 3 544 403 жаранды түздү. Бул тууралуу мекеменин маалыматтык бөлүмү кабарлады. Анда айтылгандай, алардын ичинен эркектер – 1 693 035 (47,77 %), аялдар – 1 851 368 (52,23%). 2020-жылдын октябрында болгон парламенттик шайлоого салыштырганда шайлоочулардын саны 20 849 адамга, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого караганда 264 473 шайлоочуга, 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого салыштырмалуу 762 257 шайлоочуга көбөйдү. Читать дальше...

Новосибирск-Тамчы-Новосибирск чартердик каттамы ачылды

Azattyk.org 

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 8-декабрда «S7» авиакомпаниясынын Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багыты боюнча алгачкы чартердик каттамын жүргүзгөн учакты тосуп алды. Аны менен 169 жүргүнчү учуп келди. «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы бул каттам эми жума сайын бир жолу - шейшемби күндөрү жүргүзүлүп турарын билдирди. Маалыматка ылайык, Новосибирск-Тамчы-Новосибирск каттамы Кыргызстанда кышкы туризмди өнүктүрүү максатында ачылды. Аэропорт пандемия маалында адамдарга коронавирус... Читать дальше...

Кыргызстан 15 күндө Казакстандан 24,8 млн. киловатт-саат электр энергиясын сатып алды

Azattyk.org 

Кыргызстан 14-ноябрдан 30-ноябрга чейин коңшу Казакстандан 24,8 млн. киловатт-саат электр энергиясын сатып алды. Бул тууралуу Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин сайтында кабарланды. Мекеме декабрдын башынан бери бул көрсөткүч канча көлөмдү түзгөнүн тактаган эмес. Он айда Кыргызстан өзү 11,59 млрд. киловатт саат электр энергиясын өндүргөн, бул былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 0,2% аз. Кыргыз өкмөтү Токтогул суу сактагычындагы сууну... Читать дальше...

Новости России
Москва

Что можно отметить в этот день


Абдил Сегизбаев Садыр Жапаровду дебатка чакырды (видео)

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев премьер-министрлик кызматты убактылуу тапшырган Садыр Жапаровду ачык дебатка чакырды. Бул тууралуу Сегизбаев 7-декабрда «Азаттыктагы» маегинде билдирди. Ал акыркы он күндө бир адам ар кыл күчтөр ортомчуларды салып, ар кандай кызматтарды сунуш кылып жатканын кошумчалады: «Мен эң күчтүү талапкер деген адамды дебатка чакырам. Мага ортомчуларды салып жатыптыр. Бетме-бет сүйлөшөлү. Читать дальше...

Өзбекстанда 100дөн ашык адамга ырайым берилди

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 8-декабрда белгиленчү Конституция күнүнүн урматына 104 кишиге ырайым берди же жаза мөөнөтүн жеңилдетти. Президенттин буйругуна ылайык, кылмыш үчүн айыпталган, бирок кылган ишине катуу өкүнгөн жана түрмөдө отурган кезде реабилитация жолуна түшкөнүн көргөзгөн кишилердин күнөөсү кечирилди. Ырайым берилген алты адам дароо бошотулду. 50 айыпкердин түрмө мөөнөтү шарттуу абакка кесүү менен алмаштырылды. Күнөөсү кечирилгендердин арасында бир аял, 13 чет өлкөлүк жаран... Читать дальше...

Эл аралык Олимпиада комитети Лукашенкого оюндарга келүүгө тыюу салды

Azattyk.org 

Эл аралык Олимпиада комитети Александр Лукашенко жетектеген Беларустун Улуттук Олимпиада комитетинин башчыларын уюм өткөргөн иш-чараларга катышуусуна тыюу салды. Буга кошумча Беларустун Олимпиада комитетине финансылык колдоо токтотулду. Чечимде бул чаралар убактылуу экени жана кырдаалга жараша өзгөртүлүшү мүмкүн экени айтылган. Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети Беларус бийлигин спортчуларды саясий мотив менен куугунтукка алганы боюнча териштирүү баштаган. Быйыл август айында бир жарым миңдей... Читать дальше...

Аксы районунда бала бакча өрттөнүп кетти

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл аймагынын Сыны айылындагы №26 бала бакчанын имараты дээрлик толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Анда айтылгандай, «112» кызматына 8-декабрга караган түнү саат 00:15те кырсык тууралуу кабар түшкөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган. Натыйжада өрт саат 02:10до курчоого алынып, саат 03:45те өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 784 чарчы метр күйгөн.  Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда. Читать дальше...

Бир килограммдай баңгизат сатууга аракет кылгандар кармалды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын мобилдик бөлүмүнүн кызматкерлери баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенген эки кишини кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 23 жаштагы (Ш. уулу И.) жана 20 жаштагы (Ж. уулу Т.) эки жаран Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарында өткөн атайын операция учурунда колго түшкөн. Алардын жанынан кара-күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык... Читать дальше...

Финпол: Матраимов атайын эсепке төккөн акча 773 миллион сом болду

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 8-декабрга карата мамлекетке жалпысынан 773 миллион 412 миң сом төктү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Матраимов Финансы министрлигинин атайын эсебине акыркы жолу 127 миллион 112 миң сом которду. Ага чейин 646 миллион 600 миң сом төккөнү кабарланган. Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров 21-октябрда экономикалык мунапыс жарыялап... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева установила новый рекорд на турнирах WTA-1000






Стало известно, что маму Иды Галич экстренно госпитализировали

Дмитрий Колдун назвал причину, по которой поспешно покинул Россию: «Вещь непредсказуемая»

Представители руководства Росгвардии проверили готовность парадного расчета на ночной репетиции Парада Победы

ТАСС: сапёры обезвредили десятки тысяч боеприпасов в Авдеевке