Британ парламенти ЕБ менен жаңы соода келишимин колдоду
Улуу Британиянын парламентинин Өкүлдөр палатасы Евробиримдик менен соода келишимин жактырды. Документти 521 депутат колдоп, 73ү каршы добуш берди. Ага чейин премьер-министр Борис Жонсон парламентке кайрылып, соода келишимин колдоо менен «өлкө тарыхындагы жаңы бөлүмдү ачууга» парламентарийлерди чакырган. Жонсон Британия Евробиримдиктин эң жакын өнөктөшү бойдон калат деп белгилеген. Британ парламентинин Өкүлдөр палатасы келишимди жактыргандан кийин документ Лорддор палатасына жөнөтүлдү. ... Читать дальше...