Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 10.12.2020

АКШ Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровго каршы кошумча санкцияларды киргизди

Azattyk.org 

Чечен лидерине таандык бир катар компаниялар АКШнын «Магнитский акты» деп аталган санкциялар тизмесине киргизилди. Ага «Ахмат»деп аталган футбол жана күрөш клубдары, чечен президентинин атасы Ахмат Кадыров атындагы фонд кирди. Мындан тышкары «Мегастройинвест», «Чечен минерал суулары», «Absolute Championship Akhmat» компаниялары да тизмени толуктады. Бул тууралуу АКШнын Финансы министрлигинин Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы 10-декабрда билдирди.  Быйыл 20-июлда Кошмо Штаттар адам... Читать дальше...

Нидерланд тыңчылыкка шектелген орусиялык эки дипломатты өлкөдөн чыгарат

Azattyk.org 

Нидерланддын Жалпы чалгындоо жана коопсуздук кызматы бийлик тыңчылыкка шек саналган орусиялык эки дипломатты өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.  Мекеменин маалыматына караганда, Орусиянын ички чалгын кызматынын кызматкеринин жашыруун операциясы ашкереленди. Ал Гаагадагы элчиликте дипломатиялык каттоо менен иштеп келгени, илим жана технология тармагында тыңчылык кылууга тартылганы айтылды.   "Орусиянын Чалгын кызматынын офицери жогорку технологиялар тармагындагы жашыруун маалыматтарды билген адамдар менен байланышкан. Читать дальше...

Матраимовдордун доо арызы боюнча сот уланат

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук соту, бүгүн 11-декабрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, мурдагы кабарчы Али Токтакуновго жана «Kloop.kg» сайтына каршы жазган доо арызы боюнча ишти карайт. 12-ноябрда сот Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун өкүлү келбей калгандыктан жараянды бүгүнкүгө жылдырган. «Азаттыктын» мурдагы кабарчысы, иликтөөчү журналист Али Токтакуновго да сотко чакыруу берилген. Токтакунов бүгүнкү жараянга бара турганын билдирди. Читать дальше...

Өзбекстанда газ сурагандар көчөгө чыкты

Azattyk.org 

Өзбекстандын Бухара облусунун тургундары газ жоктугунан улам нааразылык акциясына чыгышты. Акцияга чыккан жарандар 60тан көп түтүнгө көгүлтүр от бир нече күндөн бери келбей калганына нааразы.

Марат: АКШнын «кара тизмесине» адам укугун бузгандар да кирет

Azattyk.org 

АКШнын Каржы министрлиги Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция cалды. Коррупция менен күрөштүн эл аралык күнүн утурлай мурдагы аткаминер Вашингтондо ири жемкордук системага катышы бар адам катары таанылып, “Магнитскийдин акты” деп аталган “кара тизмеге” кошулду. Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат «Азаттыктын» "кара тизмеге" байланыштуу суроолоруна жооп берди. - АКШнын мурдагы кыргыз аткаминерин “Магнитскийдин... Читать дальше...

Референдум мыйзамы шашылыш кабыл алынды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун шашылыш кабыл алып, дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоп берди. Башынан эле кайчы пикир жараткан долбоор 9-декабрда гана биринчи окуудан өткөн. Бир катар депутаттар документти парламентке алып чыгууда мыйзамдар, регламент бузулганын бир нече жолу кайталашты. Мыйзам долбоорун колдогондор коюлган дооматтардын баарын четке кагып жатышат. Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда... Читать дальше...

Кыргыз саясатындагы фейктердин күчү

Azattyk.org 

Соңку маалда кыргыз тилдүү социалдык тармактарды каптаган фейк, тролль жана боттор деген эмне, алар кантип иштешет? “Троллдор фабрикасы” жаадырган жалган маалымат менен бирөөнү каралоонун артында ким турат?

«Бир дүйнө» быйыл табият темасын козгоду

Azattyk.org 

“Бир дүйнө - Кыргызстан” адам укуктарына арналган даректүү тасмалар кинофестивалынын жыйынтыгы чыкты. Жыл сайын уюштурулган эл аралык бул иш-чарага быйыл экология темасында тартылган тасмалар катышты. Фестивалдын уюштуруучулары көтөргөн маселелер өкмөткө сунуш кылынары айтылууда. Чыңгыз Самүдүн уулу тарткан “Урмат” аттуу даректүү тасма “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы уюштурган эл аралык фестивалда калыстардын атайын сыйлыгына ээ болду. Аталган сыйлык - маркум Уланбек Эгизбаевдин урматына... Читать дальше...



Кийинки жылы бюджеттин тартыштыгы 8,5 миллиард сомдон ашары болжолдонууда

Azattyk.org 

Парламент 10-декабрдагы сессияда Кыргызстандын 2021-жылга карата бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндөгү мыйзам долбоорун акыркы окууда кабыл алды. Жыйында бюджет тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков баштаган өкмөт өкүлдөрү маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп беришти. Өкмөттүн маалыматына караганда, 2021-жылга карата республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 172,9 миллиард сом, чыгашасы 181,3 миллиард сом деп эсептелинди. Дефицит 8,5 миллиард сомдон ашат деген божомол бар. Читать дальше...

"Адам укугун тепсегенди токтотолу"

Azattyk.org 

Башкы прокуратурага караштуу коррупцияга каршы туруу боюнча Координациялык кеңештин 10-декабрдагы жыйынында март айынан баштап коронавирус илдети жайылып, ага каршы туруу үчүн саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каражаттын максаттуу колдонулбаганы, тендер өткөрүүдөгү жемкорлук жана укук коргоо органдарынын иши талкууланды.

"Баш мыйзамды билбесең, жумуштан кет!"

Azattyk.org 

Тажикстанда Улуттук филармониянын 18 кызматкери “Баш мыйзамды билбейт” деген негизде жумуштан алынды. Ооганстанда жеке менчик телеканалдын журналисти киши колдуу болуп өлдү. АКШ бийлиги вакциналарды колдонууга уруксат берүү маселесин карап, эмдөөнү чукул арада баштаганы жатат.

Бейруттагы жарылууга байланыштуу убактылуу өкмөт башчыга айып коюлду

Azattyk.org 

Өткөн жайда Бейруттагы портто болгон жарылууга байланыштуу премьер-министрдин кызматын аткаруучу  Хасан Диаб жана үч мурдагы министрге айып коюлду. Бул тууралуу Ливандын расмий маалымат агенттиги 10-декабарда кабарлады. Алар 4-августтагы жарылууга, адамдардын өлүмүнө алып келген шалаакылык үчүн күнөөлөнүп жатат. Ал окуяда 200дөн көп кишинин өмүрү кыйылган, миңдеген адамдар жарадар болгон, борбор шаардын ири бөлүгүндө бир топ имараттардын таш-талканы чыккан. Порттогу кампада  адегенде көп жылдардан бери сакталып келген ири көлөмдө пиротехника... Читать дальше...

Референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун 10-декабрдагы сессиясында дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алып берди. Жыйынды алып барган вице-спикер Мирлан Бакиров каттоодон 64 депутат өткөнүн билдирди. Алардын ичинен төрт депутат - Дастан Бекешев, Каныбек Иманалиев, Айсулуу Мамашова жана Наталья Никитенко мыйзам долбооруна каршы добуш беришти. Сессияга катышкан калган 60 депутаттын макулдугу... Читать дальше...

Сот Атамбаевди абактан УКМКнын тергөө абагына которууну чечти

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 10-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев №47 абактан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы ырастады. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев сот бул чечимди 7-декабрь күнү тараптардын катышуусуз кабыл алып, бүгүн болгону ошону жарыялап койгонун айтты. Ал 10-декабрдагы соттук отурумда мурдагы президентти үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиргенин, сот аны четке какканын да тактады. Читать дальше...

Парламент референдумду дайындоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап жатат. Азыр депутаттар өз пикирлерин айтып жатышат. Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун четке кагыш керек экенин билдиришти. Жыйында мыйзам долбоору экинчи окууда добушка коюлмакчы. Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сунуш кылган. Читать дальше...

АКШнын «кара тизмеси», кыргыз коомунун реакциясы

Azattyk.org 

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун АКШнын «кара тизмесине» киргизилиши Кыргызстанда чоң талкуу жаратты. Башкы прокурор Курманкул Зулушев бийлик Матраимовду коргобой турганын айтса, Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров "АКШнын элчиси Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип жатат" деп билдирүү жасады. Матраимов жана анын жакындары болсо АКШнын "кара тизмеси" боюнча комментарий бере элек. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев 10-декабрда парламентте сөз сүйлөп... Читать дальше...

Билимден өксүгөн майып балдар

Azattyk.org 

Кыргызстанда майыптыгы бар миңдеген балдар атайын жайларга бөлүнүп, толук кандуу медициналык жардам албай, билим алууга болгон укуктары чектелүүдө. Бул билдирүүнү эл аралык "Human Rights Watch" уюму атайын отчетунда жарыялады.

Артем Новиков кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» бекетин текшерди

Azattyk.org 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ош облусундагы иш сапарынын алкагында «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутумун текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады. Артем Новиков белгилегендей, жүк ташуучу автоунаалардын мамлекеттик чек арадан өтүшүнүн бардык процесстери автоматташтырылышы керек жана ал контактсыз негизде жүрүшү керек. Ошондой эле салмак-габариттик башкаруу тутумдарынын жана... Читать дальше...

Новости России
Москва

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыяланды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) алтын зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу ачылган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында мекеменин төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаевге издөө жарыялады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, бул ишке Сүйүмбаевдин тиешеси бар экени тууралуу айныксыз далил буюмдар алынган. Буга байланыштуу ал суракка чакырылып, келбей койгон. УКМК Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык... Читать дальше...

Сурабалдиева: 5-6-октябрда жаракат алгандар өкмөттүн көзөмөлүндө

Azattyk.org 

5-6-октябрда аянттагы массалык баш-аламандыктар учурунда жаракат алгандардын баары учурда өкмөттүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева бүгүн, 10-декабрда депутат Урмат Самаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Депутат вице-премьер-министрге ошол күнкү окуялардын жоопкерчилигин эскертти: «Сиз алардын арасында туруп, «кетпегиле» деп суранып турдуңуз эле. Ошол балдардын арасында 20 баланын абалы оор, колу-бутунан ажырады, көзүнөн ок чыгара албай жаткандары бар.... Читать дальше...

Жарандык коом депутаттарды уяткарды

Azattyk.org 

Жарандык коомдун жоон топ өкүлдөрү "Маскарачылык жолу" аттуу акция өткөрүштү. Алар мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө каршы чыгып, жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келет. Алар мыйзам өтсө, өлкөдө диктатура орнойт деп чочулашат.

Крым татар активисти 19 жылга соттолду

Azattyk.org 

Орусия аннексиялап алган Крымдын Жогорку соту крым татарларынын ATR телеканалынын кожоюну жана жарым аралдын мурдагы вице-премьери Ленур Ислямовду 19 жылга эркинен ажыратты. Ага мыйзамсыз куралдуу топ түзгөн, экстремизмге чакырган, Украинанын түштүгүндөгү электр линиясын бузууну уюштурган деген айып коюлган. Ленур Ислямов өзүнө коюлган айыптар саясий негизде экенин, Крымдын аннексияланышын тааныбаганы үчүн куугунтукка кабылганын билдирген болчу. Анын адвокаттары телеканалдын кожоюнуна карата коюлган айыптар далилденбегенин айтып келишкен. Читать дальше...

HRW Кыргызстандагы майып балдардын билим алуу укугу чектелгенине тынчсызданды

Azattyk.org 

«Human Rights Watch» эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанда майып балдардын сапаттуу инклюзивдик билим алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди. Бул тууралуу уюм Адам укуктарынын эл аралык күнүнүн алдында жарыялаган баяндамада айтылат. 74 беттик баяндамада Кыргызстан Майыптардын укуктары боюнча конвенцияны ратификациялаганына карабай, майып өспүрүмдөрдүн укуктары бузулган учурлар арбын экени белгиленген. «Кыргыз өкмөтү инклюзивдик билим берүүнү камсыз кылууга кепилдик берген. Бул мүмкүнчүлүгү чектелген... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Свёнтек разгромила Кырстю и вышла в 1/8 финала турнира WTA-1000 в Мадриде






Власти Евросоюза призвали РФ пересмотреть решение о судьбе "дочек" Ariston и Bosch

Пассажира рейса «Сургут-Москва», который пришлось экстренно посадить в Перми оштрафовали

Команда «Подмосковье» выиграла автогонку «Золото Кагана»

В Королеве стартовал сезон фонтанов