Пентагондун убактылуу жетекчиси Ооганстанга барды
АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Крис Миллер Ооганстанга сапар менен барды. Анда ооган президенти Ашраф Гани менен жолугуп, Талибан кыймылы менен жүрүп жаткан тынчтык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн талкуулады. Пентагон 22-декабрдагы билдирүүсүндө Миллердин сапары тууралуу коопсуздуктан улам алдын-ала маалымат берилбегенин түшүндүрдү. Ошондой эле Пентагондун жетекчиси АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин башчысы Скотт Миллер менен жолугуп, террорчулукка каршы күрөш, коопсуздук маселелерин талкуулаган. Читать дальше...