Ирандын сот системасынын мурдагы башчысы Мухаммад Язди дүйнөдөн кайтты
Ирандын сот системасынын ультраконсервативдүү маанайдагы мурдагы башчысы, 89 жаштагы Мухаммад Язди дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик IRNA маалымат агенттиги билдирди. Ислам республикасынын негиздөөчүсү Рухолла Хомейнинин шакирти болгон Язди 9-декабрда кайтыш болгону, ал ашказан оорусунан жапа чегип келгени кабарланды. Мухаммед Язди Ирандын сот системасынын башчысы болуп 1989-жылы Хомейни өлгөндөн кийин бийликке жогорку диний лидер аятолла Али Хаменейи келгенде дайындалган. Читать дальше...