Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 18.12.2020

Аманданын "ажайып" дүйнөсү

Azattyk.org 

Кыргыз бажысынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын социалдык медиадагы жомоктогудай жашоосу бул үй-бүлөнү иликтеген журналисттерге олжолуу табылга болду. Ысык-Көлдүн жээгиндеги менчик эс алуу жайы кыргыз бажысынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов менен кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаевдин байланышынын дагы бир далили экенин журналисттер таап чыгышты.

Жээнбековдор Жогорку сотко чакырылды

Azattyk.org 

Жогорку сот Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду сотко чакыруу жөнүндө өтүнүчтү канааттандырды.

Ооган-тажик чек арасында жоочулар топтолуп жатканы кабарланды

Azattyk.org 

Ооганстандын Тажикстан менен чектеш райондоруна жүздөгөн чет элдик жоочулар топтолгонун Бадахшан провинциясынын жетекчилиги билдирди. Губернатордун орун басары Ахтармухаммад Хайрзода «Азаттык» радиосунун тажик кызматы менен болгон маегинде аймактагы туруксуз абалдан пайдаланып, жоочулар Моймай жана Нусай райондоруна кирип кетишкенин айтты. Хайрзода ошондой эле жоочулар «Жамаат Ансоруллох», «Түркстан Ислам кыймылы», «Өзбекстан Ислам кыймылы» жана «Кавказ имараты» сыяктуу экстремисттик топтор менен байланышта экенин кошумчалады. Читать дальше...

Молдовада орус тилине кайрадан расмий макам берилди

Azattyk.org 

Молдовада орус тилине улут аралык баарлашуунун тили деген макам кайрадан берилди. Мындай мыйзамды бийликтен кетип жаткан президент Игорь Додон кол койду. Молдовада 2018-жылга чейин орус тилинин макамын өлкөнүн Конституциялык соту эскирген норма деп таап, четке какка эле. Ошондой эле бул өлкөдө орус телеканалдары да көрсөтүлө баштайт. Эки жыл мурун телекөрсөтүүлөр да токтотулган. Акыркы өзгөртүүлөрдү Молдованын парламенти кабыл алган.  Оппозиция бул чечимдерди кабыл алууга каршы чыгып, бойкот кылган. Читать дальше...

Өзбекстан курган оорукана ишке берилет

Azattyk.org 

Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосу менен башталган 200 орундуу оорукананын имараты курулуп бүттү. Жакынкы күндөрү пайдаланууга берилгени турат. Ооруканага ыңгайлашкан тез куралчу имарат дарыланууга зарыл болгон бардык шарттар менен камсыздалган.

Жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталат

Azattyk.org 

«Улуу Кыргыз Ордо», «Тайтебиш Эрк чыңдоо» жана «Көйкашка» коомдук уюмдары биргелешип өткөрүп келген жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталат. Бул тууралуу «Азаттыкка» маданият, маалымат жана туризм министринин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева кабарлады. Сынак аймактагы жаштарды Манас» эпосуна болгон кызыгуусун арттыруу максатын көздөйт. Иш-чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен 2020-жылдын 20-декабрында «Манас» жана Айтматов улуттук академиясында өтөт. Читать дальше...



Кыргызды кыйырга тааныткан режиссер кыздар

Azattyk.org 

Кезинде кыргыздын Лилия Турусбекова, Клара Юсупжанова жана Динара Асанова өңдүү бир ууч кинорежиссёр айымдары бүткүл союзга таасирдүү, терең поэтикалык тасмаларды тартышкан. Кийин Кыргызстанда эгемендиктин алгачкы жылдарында бардык тармактар сыяктуу эле кыргыз киносу да кыйынчылыктарды баштан кечирди. 2000-жылдардан соң кино кайрадан жанданып, жаңы агым пайда болгон. Анда Дальмира Тилепбергенова, Наргиза Маматкулова, Элнура Осмоналиева жана Асель Жураева жараткан тасмалар кесипкөй режиссерлор арасында... Читать дальше...

Мал уурулардан кыргызстандыктар 71 миллион сомдон ашык зыян тартты

Azattyk.org 

2020-жылдын алгачкы 11 айында өлкө боюнча мал уурдалган 1096 факты катталып, 698инин бети ачылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги маалымдады. Мал уурдаган 56 кылмыштуу топ аныкталды. Жыл башынан бери кыргызстандыктар мал уурулардын айынан 71 миллион 210 миң сом зыян тартышты. Бул сумманын 39 миллион 61 миң сому өндүрүлүп берилди. 11 ай ичинде республиканын аймагында 3101 баш мал уурдалган, 1475 баш мал ээлерине кайтарылып берилген (1538 бодо мал уурдалган, 679 кайтарылган). Мал уурдаган... Читать дальше...

Арааны ачылган админресурс

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун тарапташтарынын мыйзамсыз үгүт иштери боюнча укук коргоо органдарына кайрылды. Жапаровго байланыштуу төрт арыз түштү Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) президенттик шайлоого байланыштуу баш-аягы 18 арыз даттануу келип түштү. Алардын төртөө шайлоонун үгүт иштери башталган убакытка туура келет жана бардыгы президенттикке талапкер Садыр Жапаровго тиешелүү. Боршайкомдун ыкчам аракеттенүү тобу арыздарды териштирүү өтүнүчү... Читать дальше...

Уюшкан кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы атайын операциядан кийин «Чач» деген каймана аты менен белгилүү Эрнис Мурзахмедовдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү деп шек саналган беш кишини кармады. Алардын октябрь айында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы атышууга тиешеси бар же жок экени иликтенүүдө. Кармалгандардын үчөө боюнча Жалал-Абад облустук соту УКМКнын Оштогу убактылуу абак жайына эки айга камоо чечимин чыгарып, экөө Бишкектеги УКМКнын абак жайына жеткирилди. Читать дальше...

Өз муунунун жаңыга чакырган өкүлү эле

Azattyk.org 

Айтылуу кыргыз журналисти, интернетчи, википедиячы Жаныбек Жанызак дүйнө салды. Анын ары талаш-тартыштуу, ары талыкпай изденген чыгармачыл дүйнөсү тууралуу Т.Чоротегиндин блогу.

Административдик сот Сооронкулованын Жапаровго байланыштуу арызын канааттандырган жок

Azattyk.org 

Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы Бишкектин административдик сотуна жазган арызы канааттандырылган жок. Анын тарапташы Рита Карасартова «Азаттыкка» билдиргендей, сот 18-декабрда болду. Алар эми Жогорку сотко кайрылышмакчы. Сооронкулова Садыр Жапаровдун талапкер болуп катталышын жокко чыгарууну талап кылып, 15-декабрда сотко арыз берген. Ал Жапаров президенттин милдетин аткарып турган учурда шайлоо күнү белгиленгенин, ал кызматын тапшырганга чейин дээрлик 20 күн бийликте болуп... Читать дальше...

Эксперт: Жылына чет өлкөдө кыргызстандык 300дөй мигрант каза болот

Azattyk.org 

18-декабрь - Мигранттардын эл аралык күнү. Өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын бул күнгө арналган Бишкектеги жыйынында миграция боюнча эксперт Улан Шамшиев жылына чет жактан кыргызстандык 300дөй эмгек мигранты каза болуп жатканын билдирди. 2020-жылы чет өлкөдөн «Жүк-200дү» алып келүү үчүн бюджеттен 13 миллион сом бөлүнгөн. 2018-жылы 191 арыз түшүп, сөөктү алып келүүгө 8,8 миллион сом берилсе, 2019-жылы арыздар 288 болгон. 2020-жылы Мамлекеттик миграция кызматына алыста жүрүп каза болгон 260... Читать дальше...

АКШда коронавируска каршы экинчи вакцинага уруксат берилиши мүмкүн

Azattyk.org 

АКШ өкмөтүнүн эксперттер тобу «Moderna» вакцинасын колдонууну Азык-түлүк жана дары-дармек сапатын текшерүү башкармалыгына сунуш кылды. Аталган башкармалык коронавируска каршы экинчи вакцинага 18-декабрда уруксат бериши ыктымал. АКШнын саламаттык сактоо министри Алекс Азар CNBC телеканалындагы маегинде препараттын алгачкы алты миллиондой дозасы даяр экенин билдирди. Бул 3 миллионго жакын адамга жетет. Кошмо Штаттар жапырт эмдөө программасын 14-декабрда баштаган жана анын алкында вакцина алгач медицина кызматкерлерине сайылып жатат. Читать дальше...

«Балбак, өчүр!»... Таштандыдан чыккан уу

Azattyk.org 

Бишкек дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын сап башында. Экологдор абанын кирдешине автоунаадан чыккан газ, үйлөрдөгү мештерден жана Жылуулук электр борборунан чыккан түтүн себеп экенин айтып келишет. Бишкектеги дагы бир чоң көйгөй бул - таштанды талаасы. Бул жердеги турмуш-тиричилик калдыктары иштетилбей, көбү өрттөлөт. Жакында эле активисттер дал ушул жерден чыккан түтүн да шаардын абасын булгап жатканын айтып, "Балбак өчүр!" деген кыймыл түзүшкөн. Төмөндө ошол кыймылдын мүчөсү Влад Ушаковдун... Читать дальше...

АКШнын Ички иштер министрлигине алгачкы жолу түпкүлүктүү элдин өкүлү сунушталды

Azattyk.org 

АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден өлкөнүн Ички иштер министрлигинин жетекчилигине Деб Халаанддын талапкерлигин көрсөтөт. Бул тууралуу "The Washington Post" жазып чыкты. 60 жаштагы демократ Хааланд АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү. Анын тек-жайы Американын түпкүлүктүү элдеринин бири болгон пуэбло индеецтерине барып такалат. Эгер Хааланд министрликке бекитилсе, түпкүлүктүү элден чыккан биринчи министр болуп калат. Буга чейин Байден АКШнын көп түрдүүлүгүн көрсөткөн өкмөт түзөрүн жарыялаган. Читать дальше...

Жогорку сот Бектур Асановго карата мурдагы өкүмдөрдү биринчи инстанцияга кайра кароого жиберди

Azattyk.org 

Жогорку сот 18-декабрда Бектур Асановго карата 2016-жылы козголгон кылмыш ишин жана ага байланышкан өкүмдөрдү кайра карап, бардыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу Бектур Асанов өзү «Азаттыкка» маалымдады: «Сот бүттү. Биринчи май райондук, Бишкек шаардык жана Жогорку соттун буга чейин мен тууралуу чыгарган өкүмдөрүнүн баары жокко чыгарылды. Иш кайра караш үчүн Биринчи май райондук сотко жөнөтүлдү. Ошентсе да бул өкүмдүн чыгышы кечикти деп ойлойм. Себеби, бийлик мени атайын эле шайлоого катыштырбаш үчүн сотту кечеңдетти». Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Соода-өнөр жай палатасынын президентин шайлоонун жыйынтыгы нааразылыкка себеп болду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти болуп Марат Шаршекеев кайрадан шайланды. Шайлоо 18-декабрда, Бишкекте палатанын курултайында болду. Адегенде жети талапкер ат салышып, экинчи айлампага Марат Шаршекеев менен Ата мекендик өндүрүшчүлөр бирикмесинин төрагасы Бакыт Дегенбаев чыгышты. Жыйынтыгында Шаршекеев көп добуш алды. Палатанын айрым мүчөлөрү жыйын мыйзамсыз өткөнүн «Фейсбукка» жазышты. Бакыт Дегенбаев курултайга палатага мүчө 1200 компаниянын өкүлдөрү чакырылбай, 120 өкүл гана добуш бергенин... Читать дальше...

Беларус ИИМи жана Росгвардия кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту

Azattyk.org 

Беларустун Ички иштер министрлиги менен Орусиянын Улуттук гвардиясынын аскерлеринин федералдык кызматы (Росгвардия)  коомдук тартипти көзөмөлдөө боюнча келишимге кол коюшту. Мындай документ Беларустун укуктук порталына жарыяланды. Анда тараптар терроризм менен экстремизмге, кылмыштуулукка каршы турууда көмөк көрсөтүү, биргелешкен консультациялар жана машыгууларды өткөрүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашкан. Мындан сырткары Беларус милициясы менен Росгвардия мамлекеттик обьектилерди коргоо, курал-жарак жүгүртүү боюнча чогуу иш жүргүзөт. Читать дальше...

Биометрикалык жалпы жарандык паспорт жаңы жылдан баштап берилет

Azattyk.org 

Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык биометрикалык паспорт 2021-жылдын башынан жарандарга берилет.  Мамлекеттик каттоо кызматы билдиргендей, документ эки түрдө – биринчиси 34 барактуу, экинчиси 52 барак болот. Экинчиси - чет өлкөгө көп каттагандар үчүн ылайыкталган. Аз барактуусунун бланкынын баасы - 407 сом, барагы көбүнүкү - 470 сом. Негизги артыкчылыгы - 30дан ашуун заманбап коргоочу каражаттары бар, паспорттун сыртында электрондук чип орнотулган жана жарандын жеке маалыматтары лазердик технологиялар менен жазылган. Читать дальше...

АКШ: киберчабуулду иликтөө боюнча Конгресске маалымат берилет

Azattyk.org 

АКШнын өкмөттүк мекемелерге карата киберчабуулду иликтеген Федералдык чалгын бюросу баш болгон тиешелүү органдар Конгресстин мүчөлөрүнө 18-декабрда маалымат беришет. Мындай жолугушуу Кошмо Штаттардын бийлиги кибер коопсуздук боюнча камтамачылыгын билдирип, ал эми «Microsoft» компаниясы өз системасында күмөндүү программаларды тапканын жарыялаган учурга туш келди. Өлкөнүн Киберкоопсуздук жана инфратүзүм коопсуздугу боюнча агенттик 17-декабрда өкмөттүк мекемелер, коммуналдык ишканалар жана жеке сектор... Читать дальше...

Ала-Тоо аянтында бир нече активист Жетим-Тоону коргоого чакырган акцияга чыкты

Azattyk.org 

Өзүн блогер деп атаган жарандык активист Тилекмат Куренов баштаган бир нече адам 18-декабрда баш калаа Бишкектеги Ала-Тоо аянтына Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөөнү талап кылып акцияга чыкты. Алар бийликтен кен жайгашкан тоону эл үчүн иштетүүнү суранышыууда. Акцияны уюштурган Куренов Жетим-Тоону коргоо боюнча атайын кыймыл түзүп, төрага шайлай турганын «Фейсбуктагы» баракчасындагы түз эфиринде билдирди. «Биздин максат - Жетим-Тоонун бир да ташы, куму коробосун, келечек муунга жаратылышты бузбай сактап берели деп жатабыз»... Читать дальше...

Нигерияда уурдалган 340тай өспүрүм бошотулду

Azattyk.org 

Нигерияда уурдалган 340тай өспүрүм бошотулду. Бул тууралуу 17-декабрды Кацина штатынын губернатору Амину Белло Масари билдирди. Ал коңшу штаттын токоюнда катылып жаткан балдардын көбүн коопсуздук агенттиктеринин өкүлдөрү куткарып калышканын, согушкерлердин колунда дагы балдар калганын айтты. 11-декабрда белгисиз куралчан адамдар эркек балдар окуган мектепке кол салып, 300дөн ашуун окуучуну уурдап кетишкен. Кийин бул үчүн жоопкерчиликти «Боко Харам» террордук тобу алганы тууралуу аудио тараган.... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Вероника Кудерметова завершила выступление на турнире WTA в Мадриде






Пензенский проект стал лауреатом Международного профессионального конкурса НОПРИЗ на лучший проект – 2023

Теплоэнергетики обновят котельные и тепловые сети в Талдоме

В столице Поморья состоялись областные соревнования по художественной гимнастике

Загрутдинов: первые жилые дома снесли по реновации в Выхино-Жулебине