Ферганада Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын башчыларынын жыйыны өтөт
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков 7-декабрда Баткен жана Ош облустарына эки күндүк иш сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти. Маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө Новиков 8-декабрда Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасындагы аймактардын жетекчилеринин жыйынына катышат. Жыйын Кыргызстандын өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Өзбекстандын акимдеринин деңгээлинде өтөрү күтүлүп жатат. Новиков Ош жана Баткен... Читать дальше...