Орусия: Любовь Соболь 48 саатка кармалды
Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын үзөңгүлөшү, Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи Любовь Соболь айым 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөш фондунун директору Иван Жданов «Твиттердеги» баракчасына жазды. Маалыматка караганда, Соболь Тергөө комитетинде сурак берген соң, аны бийликтер «Турак-жайдын кол тийбестигине шек келтирүү» беренеси боюнча шектүү деп тапкан. Буга чейин Тергөө комитети 21-декабрда арасында Любовь Соболь да болгон бир канча киши... Читать дальше...