Айсулуу Тыныбекова Дүйнө кубогун утуп алды
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Сербияда өтүп жаткан Дүйнө кубогунда чемпиондукту жеңди. Финалдык кармашта балбан латвиялык Анастасия Григорьеваны 14:0 эсебинде утту. Тыныбекова жарым финалдык беттеште орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсебинде жеңген. 62 килограмм салмакта килемге чыгып, алгач румыниялык Крисца Тунде Инцени, чейрек финалда түрк балбаны Кансу Аксойду уткан. 15-декабрда кыргызстандык дагы бир балбан Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты. Сербиянын борбору Белград... Читать дальше...