Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 24.12.2020

Коронавирустун жаңы түрлөрү кооптондурууда

Azattyk.org 

Бир катар мамлекеттердин өкмөттөрү жарандарын "Ыйсанын туулган күнү" жана Жаңы Жыл майрамдары маалында ашыкча топтолбой, конокко барбай, өз үй-бүлөсүнүн кашында гана майрамдоого чакырып жатышат. Коронавирустун жаңы мутацияланган түрлөрү да кооптонуу жаратууда.

Референдум: Жалпы он үгүт тобу каттоодон өттү

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 24-декабрда алдыдагы референдумга байланыштуу дагы бир үгүт тобун каттады. Боршайкомдун маалыматына караганда, муну менен каттоодон өткөн үгүт топторунун саны онго жетти.   Алардын бешөө президенттик республиканы колдосо,  бирөө президенттик республикага каршы үгүт жүргүзө турган топ.  Экөө парламенттик республиканы жактагандар, дагы экөө бардык варианттарга каршы чыккандардан түзүлгөн.   Алар мыйзамга ылайык референдумду утурлай парламенттик же президенттик... Читать дальше...

Балдар менен жаштарды өнүктүрүүдө башкаруу органдарынын ролу талкууланат

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 25-декабрда "Балдарды жана жаштарды жеринде өнүктүрүүдө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ролу" деп аталган онлайн иш-чара өтөт. Аны Өнүгүү саясаты институту (Development Policy Institute) БУУнун Кыргызстандагы Балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте уюштурууда. Уюштуруучулар билдиргендей, буга чейин балдарды жана жаштарды өнүктүрүү боюнча аймактарда атайын долбоор ишке киргизилген. Бүгүнкү талкууда анын жыйынтыгы чыгарылат. Жыйында жаштар менен жергиликтүү башкаруу органдарынын өз ара иш-аракети... Читать дальше...

Кесиптик кошуундар федерациясынын курултайы болот

Azattyk.org 

Бишкектеги "Ала-Тоо" эс алуу борборунда бүгүн, 25-декабрда Кыргызстандын кесиптик кошуундар федерациясы кезексиз жыйынга чогулат. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, курултайда кесиптик кошуундардын мындан ары мыйзамдык нукка түшүп, иштеши үчүн федерациянын төрагасын шайлоо максат кылынууда. Маалыматта Кесиптик кошуундар федерациясындагы ич ара чатакташууларга чекит коюлбай жатканы, чыңалган абал коомдук талкуу жаратып жатканы жана маселени чечүү убактысы келгени айтылган.   Кесиптик кошуундар федерациясына 20 тармактык... Читать дальше...

Өмүрбек Текебаевдин мандаты боюнча соттук териштирүү уланат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн, 25-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге берилген Жогорку Кеңештин депутатынын мандатына байланыштуу ишти кароону  улантары күтүлүп жатат. Шаардык сот 15-декабрда даттанган тарап Темирлан Ормуковдун ооруп калышынан улам кийинки жараянды бүгүнкүгө жылдырган. 23-ноябрда Бишкектин административдик соту Ормуковдун арызынын негизинде Боршайкомдун Текебаевге депутаттык макамды кайтаруу тууралуу быйылкы 15-октябрдагы токтомун жараксыз деп тапкан. Сот... Читать дальше...

Мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовго салынган айыппул азайтылды

Azattyk.org 

Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовго карата буга чейинки инстанция  чыгарган чечимди өзгөрттү. Жогорку соттун басма сөз кызматы 24-декабрда "Азаттыкка" билдиргендей, соттук коллегиянын чечими менен Кулматовго салынган айыппулдун өлчөмү 4 миллион 400 миң сом деп өзгөртүлдү. Мурда Бишкектин Ленин райондук соту Кулматовго 5 миллион сомдук айыппул салган. Кулматов менен кошо айыпталган, азыр эл аралык издөөдө жүргөн дагы бир мурдагы мэр Албек Ибраимовго карата сот чечими күчүндө калды. Читать дальше...

"Брекзит": Евробиримдик менен Улуу Британия соода келишимине кол койду

Azattyk.org 

Европа Биримдиги менен Улуу Британия "Брекзиттен" кийинки соода алакасы боюнча келишимге кол койду. Бул документ Лондон менен Брюсселдин ортосундагы деңиздеги балык уулоо жана бизнес жүргүзүүнүн келечектеги эрежелерин аныктап, бир канча убакыттан бери уланып жаткан талашка чекит койду. Улуу Британиянын өкмөтү тараткан билдирүүдө “2016-жылы референдумда жарандарга айтылган бардык убадалар аткарылды” деп айтылат. Британ премьер-министри Борис Жонсон Лондон шаарында 2020-жылдын 24-декабрында өткөргөн... Читать дальше...



Өзбекстанда ала качууга туш болгон кыз машинеден түшө качып каза болду

Azattyk.org 

Өзбекстанда ала качууга дуушар болгон кыз жүрүп бара жаткан автоунаадан түшө качып, каза болду. Милициянын маалыматы боюнча, окуя Наманган облусундагы Нарын районунда 20-декабрда катталган. 18 жана 23 жаштагы эки жигит 16 жаштагы кызды күч менен автоунаага салып, алып кетүүгө аракет кылышкан. Машине жүрүп бара жатканда кыз секирип түшүп, алган жараатынан улам каза болгон. Маркум кыз курбулары менен бирге батирде жашап, университетке тапшырууга даярданып жатканы кабарланды. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Читать дальше...

Референдум: үч багыттагы үгүтчү топтор

Azattyk.org 

Кыргызстандын башкаруу ыкмасын аныктоо боюнча референдумга карата үгүт жүргүзө турган он чакты топ катталды. Алардын ичинде президенттикти жактагандар да, парламенттик системаны колдогондор да, экөөнө тең каршылар да бар.

Трамп Иранга кайра сөөмөй кезеди

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирактагы Кошмо Штаттардын элчилигине коюлган чабуулдан кийин Иранга эскертүү берди. Бир нече күн мурда Ирандан колдоо тапкан козголоңчулар АКШ элчилиги жайгашкан Багдаддын катуу кайтарылган аймагын аткылашканы кабарланган.

Коронавирус жуккандар дүйнө калкынын 1% ашты

Azattyk.org 

Дүйнөдө коронавирус жуккандардын жалпы саны Жер жүзүндө жашаган калктын 1% ашты. 24-декабрга карата расмий эсеп боюнча вирусту жугузгандар 78 миллионго жетти. Ал эми каза болгондор 1 миллион 700 миң болуп, жалпы ооругандардын 2% түзүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдө илдет диагностика жакшы болгону үчүн вирусту аныктоо тез жана масштабдуу жүргүзүлүүдө. АКШда жалпы калктын 6% ашыгы буга чейин коронавирусту жугузуп, ооруп бүттү же учурда ооруп жатат.  Жакында коронавирустун жаңы штаммы табылган Британия менен бир катар өлкөлөр каттамдарын токтотту. Читать дальше...

Ташиев: Атамбаевдин ден соолугу жакшы эмес

Azattyk.org 

- Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин көңүл чордонунда болду. Башкы чекист колго түшүрүлгөн депутат, Матраимов менен Жогорку соттун төрайымына козголгон кылмыш иштер, Атамбаевдин саламаттыгы тууралуу айтты.

Жогорку соттун төрайымына иш козголду

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголгонун билдирди. Ташиев Тартип комиссиясы аны жоопко тартууга макулдук берсе, камакка алынарын белгиледи. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 24-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголгонун айтты. «Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кылмыш иши козголду, тергөө жүрүп жатат. Тартип комиссиясына кайрылдык. Читать дальше...

Орусияда үйлөнүү тоюнда тартылган тасмадан улам жубайлар чыккынчылыкка байланыштуу айыпталып, кесилди

Azattyk.org 

Орусиянын Калининград облусунда Горчаков фондунун кызматкери Антонина Зимина жана күйөөсү Константин Антонец мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен узак мөөнөткө түрмөгө кесилди. Сот чечимине ылайык, Антонец 12,5 жылга, ал эми Зимина 13 жылга эркинен ажыратылды. Соттолгон жубайларга карата кылмыш иши 2018-жылы козголгон. Андан бери иш жабык режимде каралып келген. Азыр маалым болгондой, кылмыш иши жубайлардын үйлөнүү тоюнда тартылган видео тасмада Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкери түшүп калган соң козголгон. Читать дальше...

Новости России
Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


АКШ жана Европанын депутаттары Беларуста хоккей чемпионатын өткөрүүгө каршы

Azattyk.org 

АКШнын Конгрессинин жана Европадагы бир катар өлкөлөрдүн парламентинин мүчөлөрү Эл аралык Хоккей федерациясына кайрылып, Беларусту 2021-жылдагы дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугунан ажыратууну суранышты. Парламентарийлер Беларус бийлигинин адам укугун бузушу, мыйзам аракеттерине каршылык көрсөтүү иретинде дал ушундай чечим кабыл алынышы керек деп эсептейт. Хоккей федерациясына ачык кайрылууга АКШ Конгрессинин 20дан ашык мүчөсү, Польша, Украина, Эстония, Германия, Литва, Латвия, Словакия, Британия... Читать дальше...

Жумгалдагы көмүр тилкесинде адам өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

20-декабрда Жумгал районундагы Талды-Булак айыл аймагына караштуу көмүр тилкесинде экскаватор менен тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан Миң-Куш айылынын 1982-жылы туулган тургуну К.М. аттуу жаранды иштеп жаткан жеринен топурак көчүп, экскаватор менен чогуу басып калганы маалым болду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Окуя Жумгал райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, соттук-химиялык, соттук-медициналык жана соттук-гистологиялык экспертизалар дайындалып... Читать дальше...

Трамп АКШнын Ирактагы элчилигине чабуулдан соң Иранга эскертүү берди

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Ирактагы Американын элчилигине коюлган чабуулдан кийин Иранга эскертүү берди.   Бир нече күн мурда Ирандын колдоосуна ээ козголоңчулар АКШ элчилиги жайгашкан Багдаддагы катуу кайтарылган аймакка ракета менен сокку урганы кабарланган.  Трамп «Жекшембиде биздин Багдаддагы элчилигибизге бир нече ракета менен сокку урулду. Алар кайдан экен дебейсиздерби? Ирандан. Эми биз Ирактагы америкалыктарга да жаңы кол салуулар тууралуу угуп жатабыз. Иранга достук кеңешимди берер элем... Читать дальше...

Коопсуздук кеңеши шайлоого даярдыкты талкуулады

Azattyk.org 

Өлкөнүн коопсуздук кеңеши бүгүн, 24-декабрда жыйын куруп, 10-январда боло турган президенттик шайлоого жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга даярдыкты талкуулады. Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бул иш-чара өтө жооптуу экенин жана андан өлкөнүн келечеги түздөн-түз көз каранды болорун белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдар ишин так жана мыйзам чегинде аткарышы керек экенин айтты. Ошону менен катар ал парламенттик шайлоодогу катачылыктар кайталанбашы зарыл экенин белгиледи... Читать дальше...

Майя Санду Молдованын президенттигине киришти

Azattyk.org 

Ноябрдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жетишкен Майя Санду Кишинёвдогу парламент менен Конституциялык соттун биргелешкен жыйынында ант берди. Инаугурациялык сөзүндө өлкөдөгү улуттук азчылыктарга орус, украин, гагауз жана болгар тилдеринде кайрылып, алардын укуктары чектелишине жол бербей турганын билдирди. Санду негизги милдети Молдовадагы коррупция менен күрөшүү экенин кайрадан белгилеп, учурдагы парламентти сынга алды. Жаңы президент жакын арада чукул парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырды. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Азаренко проиграла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Мадриде






Минобороны: силы ПВО сбили 20 беспилотников ВСУ за ночь

Герои России, меры поддержки многодетных семей и показ «Карины» в стране: топ-10 новостей недели

На парад Победы в Москве запретили проносить вейпы, флаги и воздушные шары

«Автомобили-утопленники» из зон паводков начинают «всплывать» в регионах России