Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 07.12.2020

Талант Мамытов Орусиядан аба жана темир жол каттамдарын көбөйтүүнү суранды

Azattyk.org 

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 7-декабрда Москвада Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушууда эки өлкө ортосундагы аба жана темир жол каттамдарынын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Мамытов учурда аткарылып жаткан үзгүлтүксүз жана чартердик аба каттамдары жарандардын муктаждыгын толук канаттандырбай жатканын белгиледи: "Эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба... Читать дальше...

БШКнын жумушчу тобу Кубан Чороевдин кол тамгаларын жараксыз деп тапты

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын кол тамгаларды текшерген жумушчу тобу 7-декабрда президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин билдирген экономист Кубан Чороев  тапшырган кол тамгаларды жараксыз деп тапты. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.    Боршайкомдун жумушчу тобу  текшерүү учурунда Кубан Чороев үчүн кол тамгалар "барактарды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп чогултула башталган жана муну менен эреже бузулган" деп эсептешет. БШКнын маалыматына караганда, шайлоо мыйзамдарына ылайык, кол топтоо шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып башталат. Читать дальше...

ТИМ АКШ элчиси Дональд Лунун билдирүүсүнө жооп берди

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлиги АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лунун өлкөдөгү абал тууралуу  билдирүүсүнө комментарий берди.  Тышкы иштер министрлигинин  "Твиттердеги"  расмий баракчасында 7-декабрда жарыяланган маалыматта элчи Дональд Лунун айткандарында "ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар" деп жазылган.    «Эл аралык мамилелердеги жана улуттук мыйзамдардагы бул принциптер эч качан бузулбашы керек» деп жазылган билдирүүдө. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд... Читать дальше...

Гүлнара Каримова 350 млн. долларын коргоп калды

Azattyk.org 

Британия дүйнө өлкөлөрүнүн арасынан биринчи болуп 8-декабрда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүн баштаганы жатат. Арменияда оппозиция премьер-министр Никол Пашинянга кызматтан кетүүгө 8-декабрга чейин мөөнөт берди.

Малды экспорттоого чектөө нааразылык жаратты

Azattyk.org 

Малдын экспортуна киргизилген убактылуу чектөө эки-үч аптадан бери талкууланып бүтө элек. Фермерлер сыртка чыгарууга тыюу салынгандан кийин мал арзандап кеткенине даттанышса, башка топ эттин наркы кайра түшпөй жатканына нааразы. Ал ортодо чек арада жандыктарды аткезчилик жол менен алып өтүү кескин күчөгөнү кабарланды. Аткезчилик жөнүндө талаш Мамлекеттик чек ара кызматы Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин аткезчиликке байланыштуу айыптоосуна расмий жооп берди. Мекеме... Читать дальше...

Индияда жүздөгөн адам белгисиз илдетке чалдыкты, бирөө көз жумду

Azattyk.org 

Индиянын түштүгүндөгү Андхра-Прадеш провинциясындагы Элуру шаарында жекшембиде бери дегенде 450дөн ашык адамга белгисиз оору жукту. Дүйшөмбүдө бир бейтап көз жумду. Дарыгерлердин айтымында, ооругандар кусуп, эсин жоготуп, калтырап-титиреп калышкан. Бул белгисиз илдет Индияда коронавирус пандемиясы күч алып турган маалга туш келди. Бул өлкө ооругандардын санына карап дүйнөдө экинчи орунда турат. Өпкөсү сезгенип ооругандардын саны Индияда 9,7 миллион адамга чамалады, 140 миңден көп бейтап көз жумду. Читать дальше...

Меркель менен Путин Тоолуу Карабакты, Навальныйды талкуулады

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө август айынан бери биринчи жолу немис канцлери Ангела Меркель менен телефондон сүйлөштү. Кремлдин сайтындагы маалыматка караганда, анда негизги сөз Тоолуу Карабактагы жагдай тууралуу болду. Маалыматта "тараптар куралдуу кагылышта жапа чеккен эл көйгөйүн чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти", деп айтылат. Эки лидер андан сырткары Донбасстагы жаңжалга токтолушту. "Путин анда Минск келишими маанилүү экенин белгиледи", деп жазылат Кремлдин сайтында.  Бул... Читать дальше...



Кызматташтарын аткан Шамсутдинов күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды

Azattyk.org 

Орусиянын Забайкалье крайындагы аскер бөлүктө сегиз кызматташын атып салган жоокер Рамил Шамсутдинов күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алды. Анын адвокаты Равиля Тугушева жоокер бул кадамга барганда өзүн жоготуп, көзөмөлдөй албай калганын билдирди. Шамсутдинов буга чейинки сот жараянында кызматташтары аны бир канча күн бою уктатпай коюп, кыйнашканын айткан. Каргашалуу окуя болгон күнү аябай уйкусу келгенин, ок аткан маалда да, кармалганда да башы маң болуп турганын билдирген. Жоокер эгер аны бир... Читать дальше...

Москва: Мамытовдун сапары, кыргыздардын акциясы

Azattyk.org 

7-декабрда президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов Москвадагы иш сапарынын алкагында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Бул Кыргызстандын жетекчилигинин октябрда бийлик алмашкандан берки эң жогорку деңгээлдеги биринчи чет элдик расмий сапары. Кыргыз делегациясы жолугушууда эмгек мигранттары үчүн аба жана темир жол каттамдарын көбөйтүп, чек ара көзөмөлүндөгү каратиндик чектөөлөрдү алууну өтүндү. Спикер Мамытов орусиялык... Читать дальше...

Тенгиз Бөлтүрүк "Centerra Gold" компаниясынын директорлор кеңешине мүчө болуп дайындалды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык "Centerra Gold Inc" компаниясынын директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан мүчө болуп Тенгиз Бөлтүрүк дайындалды. Бул тууралуу компаниянын 4-декабрда тараткан билдирүүсүндө айтылат. Маалыматка караганда, Тенгиз Бөлтүрүк отставкага кеткен Аскар Өскөмбаевдин ордуна келди.   Теңгиз Бөлтүрүк Кыргызстандан тышкары, Канаданын жарандыгына ээлик кылат.  Компаниянын билдирүүсүндө анын машина куруу жана тоо-кен тармагында 30 жылдык тажрыйбасы бар экени... Читать дальше...

Тажикстанда оппозициячыл саясатчы Одинаев эки айга камалды

Azattyk.org 

Тажикстанда Гиссара шаардык соту Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары, оппозициячыл саясатчы Махмурод Одинаевди эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарды. Партиянын лидери Рахматилло Зойиров "Азаттыктын" тажик кызматына анын адвокаты болбогонун, мындан улам саясатчынын укугу сакталып-сакталбаганы ага беймаалым экенин айтты. Одинаев 5-декабрда эртең менен камакка алынган жана ага "бейбаштык" боюнча айып коюлган. Бирок саясатчынын тарапташтары анын камалашынын саясий өңүтү бар экенин айтып жатышат. Читать дальше...

Чеченстандын муфтийи никаб кийгендерди сындады

Azattyk.org 

Чеченстандын муфтийи Салах Межиев никаб кийүүгө салынган тыюуну колдобой жаткандарга жооп кайтарды. "Кавказ.Реалии" басылмасынын билдиришинче, анда Межиев мындай адамдарды "Алланын душмандары" жана "ваххабиттер" деп атады. Чечендер улуттук салттуу кийим-кечесин кийиши керектигин билдирди. "Биринчиден, эгер сен өзүңдү көрсөткүң келбесе, анда үйдө отур. Экинчиден, эгер алар толук чүмкөнүп алышса, алар өздөрүнөн айырмалангандарды туура эмес деп эсептей башташат. Андан кийин алар куур тагынып алып... Читать дальше...

Исфанадагы аэропортко Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды

Azattyk.org 

Баткен облусунун Исфана шаарындагы аэропортко белгилүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 7-декабрлда Баткен облусундагы иш сапарында аэропорттун жаңы аэровокзалынын ачылышында билдирди.   «Мындай аэропорттордун ишинин жанданышы менен биздин өлкөнүн аба майданы бардык өлкөлөр үчүн ачык экенин айтууга болот. Жыл сайын республикада эки миллиондон ашуун адам авиациялык тейлөөнү колдонот жана 22 миң тонна жүк ташылат. Читать дальше...

Пакистан: кычкылтек жетпей өлгөн бейтаптар үчүн дарыгерлер иштен кетти

Azattyk.org 

Пакистандын бийлиги коронавирустан дарыланып жаткан алты адам убагында кычылтек менен камсыз болбой каза тапкандан кийин бул оорукананын жети кызматкерин жумуштан бошотту. Бул окуя 6-декабрда өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясынын борбору Пешевар шаарында орун алды. Жумуштан бошотулгандардын арасында оорукананын башкы дарыгери Тахир Надим Хан да бар. Оорукананын өкүлү Фархад Хан "Азаттыктын" Пакистандагы кызматына кычкылтек толтурулган баллондор күн сайын Пешевардан 150 чакырым алыстыктан алынып келерин... Читать дальше...

Европа лидерлери Ирандын уран байытуу планына тынчсызданды

Azattyk.org 

Британия, Франция жана Германия Ирандын уран байытууну көбөйтүү планы "терең тынчсыздануу жаратат" деп билдиришти жана 2015-жылдагы дүйнөлүк державалар менен түзүлгөн өзөктүк келишимге каршы келерин айтышты. "Эгер Иран дипломатия үчүн мейкиндикти сактап калууга олуттуу мамиле кылгысы келсе, анда ал мындай кадамдарынан баш тартышы керек",  - деп айтылат бул үч өлкө тараткан билдирүүдө. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) Иран уран байытуу үчүн центрифугаларды... Читать дальше...

Маянасыз калтырган профсоюздар чыры

Azattyk.org 

Өлкөдөгү бир нече санаторийдин медициналык жана чарба кызматкерлери нааразылык акциясын уюштурушту. 50дөй киши Профсоюздар федерациясынын алдына келген. Алар бир нече айдан бери маяна алыша элек. "Жети-Өгүз" санаторийинин эмгекчилери жууркан-төшөгүн да ала келип, акча берилмейинче федерациянын имаратында түнөй тургандыгын билдирген.

Талант Мамытов: Кыргызстан Орусия менен кызматташтыкты арттырууга кызыкдар

Azattyk.org 

Бүгүн, 7-декабрда президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов Москвадагы иш сапарынын алкагында Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар парламенттер аралык кызматташтык жана эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларга байланышкан маселелерди талкуулашты. Мамытов парламенттер ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, кыргыз тарап байланышты... Читать дальше...

Базардагы мал, өнөрү көп кол

Azattyk.org 

Мал экспорттоого чектөөнүн базарга тийгизген таасири. Эл кыдырып укалоо кызматын көрсөткөн автомеханик. Теннисти нунчаки менен ойногон он жаштагы Нурмухаммад “Гиннес” китебине кирүүгө аракет кылууда. "Данисте" тележурналыбыздын бул жолку мазмунун ушундай баяндар түздү.

Новости России
Москва

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»


Кыргыз боксун кыйырга тааныткан устат кетти

Azattyk.org 

Бокс боюнча Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери, республиканын он жолку чемпиону жана ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Адылкан Бекболотов дүйнөдөн кайтты. Ал быйыл 58 жашта болчу.

Новиков Баткенде өрттөнүп кеткен мектепти калыбына келтирүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Баткендин Чоң-Талаа айылында 7-декабрда таңга жуук өрттөнүп кеткен мектепти тез арада калыбына келтирүүнү тапшырды. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу мындай тапшырманы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба кызматынын жетекчилигине берди.  «Мектеп имаратын тез арада калыбына келтирүү иштерин жүргүзүш керек. Керектүү каражаттар бөлүнүп берилет», - деди Артем Новиков. ... Читать дальше...

Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча сот 14-декабрда улантылат

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-декабрда «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды. Райондук соттун басма сөз кызматынын билдиргенине караганда бул күнү судья материалдарды изилдөөнү улантып, соттун кийинки отурумун 14-декабрга белгиледи. Текебаев менен Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Читать дальше...

"Кичинекей Брюс Ли" Нурмухаммад

Azattyk.org 

“Кыргызстандын Брюс Лиси” аталган 10 жаштагы Нурмухаммад Ташмаматов эл аралык “Интеррекорд” агенттигине катталды. Ал теннистин шаригин колундагы "нунчак" менен бир мүнөттө 42 жолу кайтарып рекорд жараткан. Нурмухаммад алдыда "Гиннестин дүйнөлүк рекорддор” китебине кирүүгө аракет көрүп жатат. Жаш спортчу келечекте актер болууну кыялданат.

Француз мугалимин өлтүргөн Анзоровдун сөөгү Чеченстанда жерге берилди

Azattyk.org 

Чеченстандын Урус-Мартанов районуна караштуу Шалажи айылында 18 жаштагы Абдуллах Анзаровдун сөөгү жерге берилди. Ал Францияда  мугалим Самюэл Патинин өмүрүн мыкаачылык менен кыйгандан кийин атып өлтүрүлгөн. «1ADAT» «Телеграм» каналы билдиргендей, Анзоровдун сөөгү 5-декабрда алынып келген жана ошондон кийин Шалажи айылы карантинге деп жабылган. Анзоровдун тажыясына келүүнү каалагандар көп болгондуктан бул айылга анда туруктуу жашагандар гана киргизилген, ушундан улам коңшу айылдарда автоунаа тыгыны пайда болгон. Читать дальше...

Жалал-Абадда оор кылмыштын бетин ачылды

Azattyk.org 

25-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткан Бахтигүл Базарматованын сөөгү 6-декабрь күнү Сузак районундагы Чаңгет-Сай суусунун жээгинен табылды. Анын өлүмү үчүн шектүү катары эки жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, шектүүлөр маркум менен сырттан тааныш болушкан. Алар 25-ноябрь күнү Базарматованы шаардын сыртына алып барып, акча талап кылышкан. Акча бербей койгон аялды сүлгү менен муунтуп өлтүрүп, сумкасындагы 32 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып алышкан. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде






Baza: в Москве подросток сделал огнемет и решил сжечь дачу соседей

"Наступление сетей": томский эксперт о трендах общепита

Известный блогер Тамаев попал в ДТП на люксовом авто около «Москва-Сити»

«К сожалению»: смогут ли клиенты криптобиржи Beribit вернуть свои деньги