Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 28.12.2020

Өзбекстанда суук менен отун-кубат каатчылыгы күчөдү

Azattyk.org 

Өзбекстандын айрым аймактарында аяздуу кыштагы отун-кубат таңкыстыгы менен байланыштуу социалдык көйгөйлөр калайыктын бийликке карата нааразылыгын күчөттү. Бийликтер бул таңкыстык мурдагы доордун калдыгы деп билдирүүдө.

Атайын кызмат менен Жогорку соттун тиреши

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети менен Жогорку Соттун тиреши токтой элек. Бүгүн Жарандык көзөмөл комитети төрага Ташиевдин билдирүүсүн "сот системасына басым" деп баалады. Шайлоодогу үгүткө ушул тапта 90 миллион сомдон ашык акча сарпталса, анын жарымы Садыр Жапаровдун штабынан кетти. Серепчилер негизги талапкер ким экени белгилүү болгондуктан, башкалары акчасын короткусу келбей жатканын белгилешет. Европа Биримдигинде коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды. Биринчилерден болуп улгайгандар менен медициналык кызматкерлер вакцина алат.

Жумгал театры: “Ураган имаратта уланган маданият”

Azattyk.org 

Жумгалдагы музыкалык драма театрынын имараты көп жылдан бери кулайын деп араң турат. Ага карабай анда иштеген өнөр адамдарынын көкжалдыгы менен  театрдын репертуары жыл сайын жаңыланат. Эскилиги жеткен имаратта маданиятка баш-оту менен берилген өнөрпоздор эмгектенишет. Элеттеги чакан театрдын жүрөгү мына ушул актердук топтун ысык деми жана кажыбас кайраты менен согуп жатканы анык.

Казакстан вакцинасы коронавирустан 96% коргой турганын билдирди

Azattyk.org 

Казакстан өзү жасаган «QazCovid-in» вакцинасынын натыйжалуугу тууралуу билдирди. Cаламаттык сактоо министри Марат Шоранов 28-декабрда брифингде  берген маалыматка ылайык, клиникалык сыноо учурунда препарат дээрлик 96% чейин натыйжалуу экенин көрсөттү. Бирок министр казак вакцинасын жапырт колдонуу тууралуу айтуу эрте экенин эскертти.   Клиникалык база катары Алматы менен Тараз шаарларындагы ооруканалар тандалып алынган. Министр 21-декабрда орусиялык вакцина Караганды шаарында өндүрүлө баштаганын кошумчалады. Читать дальше...

Ооганстанда сенаторлор пара алып жаткан жеринен кармалды

Azattyk.org 

Ооганстан бийлиги 40 миң доллар пара алган деген шек менен үч сенатор кармалганын билдирди. Башкы прокуратуранын кеңсеси менен Коопсуздук боюнча улуттук башкармалык 28-декабрда жасаган биргелешкен билдирүүдө үчөө Балх вилайетиндеги атайын операциянын жүрүшүндө кармалганы белгиленди. Сенаторлордун аттары аталган жок. Алар Балхка каржылык кырдаалды текшерүү үчүн барышканы гана айтылды. Чөлкөмдүн губернатору сенаторлор салык мекемесинен пара алып жатканда кармалганын жана Кабулга жиберилгенин маалымдады. Читать дальше...

Кыргызстанда парламентаризмди колдоо кыймылы түзүлдү

Azattyk.org 

Башкаруунун бул формасын жактаган кыймыл Бишкекте 28-декабрда түзүлдү. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, саясатчы Бектур Асанов, юристтер Сания Токтогазиева, Нурбек Токтакунов жана бир катар саясатчылар, парламентаризмди колдогон жарандык коомдун айрым өкүлдөрү катышты. Президенттикке талапкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кыймылдын максаты тууралуу айтып берди:  «Бардык президенттер, саясатчылар бизди алдап келишти. Читать дальше...

Иран коронавирустун вакцинасын үч жумада алат

Azattyk.org 

Ирандын Кызыл Чырым уюмунун жетекчиси өлкө "Pfizer/BioNTech" компанияларынын вакцинасын үч жумадан кийин ала тургандыгын билдирди. Маалыматка караганда, АКШдагы филантроптор тобу Иранга 150 миң доза вакцина жеткирүүнү уюштурушкан. Карим Хемматинин айтымында, препарат Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген тартипте бөлүштүрүлөт. 26-декабрда Хеммати Кызыл Чырым Кытайдан бир миллион доза вакцина алуу тууралуу сүйлөшүп жатканын билдирген. Ирандын Борбордук банкынын төрагасы өткөн аптада АКШ бийлиги... Читать дальше...

Тоо-кен тармагы ишин жандантты

Azattyk.org 

Быйыл октябрда өрттөлүп, техникасы талкаланып, иши үзгүлтүккө учураган тоо-кен тармагы четинен өндүрүшүн калыбына келтире баштады.



Өзгөчө нук чапкан журналист Бейшенбек Бекешов

Azattyk.org 

27-декабрда журналист Бейшенбек Бекешов 61 жаш курагында дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Замандаштары анын чыгармачылыгынын оош-кыйыш жактарын талдап, коомдук турмушка кайдыгер болбогон жигердүү жарандык турумун эскеришет.

Тоолуу Карабактын жикчил жетекчилиги Бакунун билдирүүсүн четке какты

Azattyk.org 

Азербайжан жикчил Тоолуу Карабак аймагындагы чабуулда бир жоокери окко учканын, экинчиси жарадар болгонун билдирди. Коргоо министрлиги 28-декабрда маалымдагандай, мурунку күнү «армениялык мыйзамсыз куралчан топ» Агдам айылында азербайжандык аскердик бөлүккө кол салган. Министрлик чабуул койгондордун бардыгы жок кылынганын кошумчалап, келечекте мындай аракеттерге каршы катуу чара көрүлөрүн эскертти. Тоолуу Карабактагы армяндардын армиясы бул кабарды «чагымчыл үгүт» деп четке какты жана ноябрда жетишилген... Читать дальше...

«Кыргызкөмүр»: уурдалган көмүрдүн 700 миң сомдук чыгымы кайтарылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 6-октябрда саясий туруксуздук маалында Кара-Кече көмүр кенинен 25 оор жүк ташуучу автоунаа менен көмүр мыйзамсыз чыгарылып кеткен.  «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын тараткан маалыматы боюнча, анын ичинен 21 айдоочу аныкталып ишканага келтирилген 1 миллион сомдун 700 миң сому кайтарылды. Алар акчаны «Кыргызкөмүрдүн» кассасына төгүштү. Окуяны Нарын облустук ички иштер башкармалыгы тергеп жатат. Бети ачылган иштер соттук кароого жөнөтүлдү. Өлкөдө 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон... Читать дальше...

Токтогазиев: Ички өндүрүштү аткезчилик талкалап жатат

Azattyk.org 

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев «Азаттык» радиосуна маек берип, айыл чарба өндүрүшүнүн өнүгүшүнө чек арадагы аткезчилик зыянын тийгизип жатканын билдирди. Токтогазиев эт экспортуна тыюу салуу чечими, министрликтеги реформа, кадр саясаты жөнүндө айтып берди. Ошондой эле 6-октябрдагы окуялар жана азыркы саясий абал жөнүндө ой бөлүштү.

Хорватияда жер титиреди

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө эртең менен Хорватияда жер титиреп, бир топ имараттар зыянга учурады. Курман болгондор тууралуу маалымат бериле элек. Жер ортолук деңиздин сейсмологиялык станциясы силкинүүнүн күчү очокто – баш калаа Загребдин жанындагы Сисак шаарчасында 5,2 баллга жеткенин билдирди. Андан кийин дагы бир нече жолу жер силкингени байкалды. Президент Зоран Миланович жана премьер-министр Андрей Пленкович Сисакка барып, жергиликтүү жашоочуларга колдоосун билдиришти. Жер титирөө кошуна Босния менен Герцеговинада да сезилди. Читать дальше...

Чүйдө жол коопсуздугун тейлеген башкармалыктын кызматкерлери кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы Чүй облусунда Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору системалык түрдө пара алган фактыны аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, жол коопсуздугун тейлеген башкармалыктын кызматкерлери «Актилек-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда документтерди текшерүү шылтоосу менен туруктуу түрдө эл аралык жүк ташуу менен алектенген автоунаалардын айдоочуларынан... Читать дальше...

Түркияда кыргызстандык кыздын өлүмү иликтенет

Azattyk.org 

26-декабрда Түркиянын Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык Р.К.нын өлүмү боюнча Анталия шаардык прокуратурасы тергөө ишин баштаганын кабарлады. Жергиликтүү «Демирөрен» кабар агенттиги Анталия шаарынын Муратпаша районунун тургуну, түрк жараны Е.О. кыздын өлүмү боюнча жалгыз шектүү катары сурак бергенин жазды. Ошондой эле түрк басылмалары бул окуяны «сырдуу» деп сыпаттап, тергөө кылдат жүргүзүлөрүн баса белгилешкен. Анткен менен Түркияда зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон же киши колдуу... Читать дальше...

Сауд Арабиясында аялдар укуктарын коргогон активист соттолду

Azattyk.org 

Саудияда сот аялдардын укуктарын коргоп жүргөн белгилүү активистти улуттук коопсзудукка залака тийгизди деген негизде дээрлик алты жылга түрмөгө кести. Ложаин ал-Хатлул падышалыктын терроризмге каршы сотунун 27-декабрдагы өкүмү менен түрмөдө беш жыл сегиз ай өткөрмөй болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Активистке өзгөртүүлөргө үгүттөгөн, коомдук тартипке зыян алып келүү максатында Интернетти колдонгон деген айып коюлду. Адвокаттары 30 күндүн ичинде өкүмдү сотто талаша алышат. Читать дальше...

Шаардык сот Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруудан баш тартты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруудан баш тартты. Буга Ички иштер министрлигинен барган тергөөчүнүн иш боюнча экспертизанын жыйынтыгы даяр эмес экендиги, тергөө бүтө электиги тууралуу маалыматы жана прокурордун өтүнүчү себеп болгонун адвокат Замир Жоошев билдирди. Жактоочунун айтымында, соттук отурум бүгүн, 28-декабрда болду. Натыйжада Ниязов тергөө изоляторунда 10-февралга чейин калтырылды. Быйыл 9-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы... Читать дальше...

Новости России
Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Баренц деңизинде балык улоочу кеме чөктү, 14 киши дайынсыз

Azattyk.org 

Баренц деңизинде орусиялык «Онега» балык улоочу траулер чөгүп кетти. Бортундагы 19 кишинин экөө куткарылды, калгандарын издөө уланып жатат. Бул тууралуу Орусиянын Чукул кырдаал министрлигине шилтеме кылып бир катар агенттик кабарлады.  Алдын-ала маалыматтарга караганда траулер муз тоңуп калгандыктан чөккөн. Кырсык тууралуу маалымат дүйшөмбү күнү эртең менен түштү.  Аман калгандарды издеп куткаруу иштерине төрт кеме тартылды. Аба ырайы авиациянын катышуусуна жолтоо болууда. Тергөө комитети «Суу... Читать дальше...

Чечен согушун чагылдырган төрт видеого Орусияда тыюу салынды

Azattyk.org 

Нальчик шаарынын соту «Associated Press» агенттигинин Чеченстанда 1990-2000-жылдары болгон согуш тууралуу архивдик төрт тасмасын Орусияда көргөзүүгө тыюу салды. Прокуратура журналисттик материалдарда «ырайымсыздыкка үгүттөөнүн белгилери бар» деп тапты. Видеолордун биринде 1995-жылы туткунга алынган орусиялык аскерлерди көрүүгө болот. Дагы бир тасмага Аргундагы, Грозныйдагы жана Шалидеги кармаштар түшүрүлгөн. Үчүнчүсүндө  орус армиясынын Грозный районуна кирип барганы чагылдырылат. Роликтердин айрымдары «YouTube» порталында бир... Читать дальше...

Factcheck.kg президенттикке талапкер болгондордун билдирүүлөрүн текшерет

Azattyk.org 

Фейк, жалган маалымат жана манипуляция менен күрөшкөн Factcheck.kg сайты президенттик шайлоого аттанган талапкерлердин Коомдук телерадиоканалдагы (КТРК) дебатта айткан билдирүүлөрүнүн чын-төгүнүн текшере баштайт.  Порталдын адистери талапкерлердин сөздөрүнө ыкчам реакция кылып, алардын айткандарын фактылардын, расмий булактардын негизинде текшеришет. Жыйынтыгы сайтка, социалдык тармактарга такай жарыяланып, саясатчынын кайсы сөзү чындыкка дал келбейт, кайсы сөзү туура экенин белгилеп турушат. ... Читать дальше...

Кийинки жылды «Мекендештерди колдоо жылы» деп жарыялоо сунушталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда 2021-жылды «Мекендештерди колдоо жылы» деп жарыялоо тууралуу демилге көтөрүлдү.   Бул тууралуу спикердин алдында түзүлгөн Миграция, мекендештер жана чет мамлекеттердеги диаспоралар боюнча кеңештин жетекчиси  Медер Рахман парламент радиосундагы түз эфирде билдирди. Анын айтымында, соңку он жыл аралыгында сыртта иштеп жүргөн мекендештер Кыргызстанга 19 млрд. доллар которду. Ушул эле мезгилде өлкөгө 8,3 млрд. доллар инвестиция тартылган.   Рахман «Мекендештер - инвесторлор» ассоциациясын түзүү боюнча да демилге көтөрүлүп... Читать дальше...

Эл аралык космос бекетинин өткөөлүнөн сызылып чыккан абанын олуттуу коркунучу жок

Azattyk.org 

Орбитадагы Эл аралык космос бекетинде абанын жылчыктан сызылып чыгуусу улантылып жатканын америкалык “НАСА” космос агенттиги билдиргенин “РИА-Новости” кабар агенттиги жарыялады. Бул көрүнүш эл аралык бекеттин Орусияга таандык “Звезда” модулундагы өткөөл камерада орун алууда. Жекшембиге (27-декабрга) караган түнү экипаж командири, орусиялык космонавт Сергей Рыжиков камерага кетчү люкту жаап салды. 18 сааттан кийин алиги жабылган бөлүмдөгү аба басымы сымап тилкеси боюнча 730дан 620 миллиметрге чейин түшкөнү айгинеленди. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?






Пассажиры «Мострансавто» более 2 млн раз проехались до аэропортов с начала года

Дачи и паводки. Эксперты рассказали, можно ли сдержать рост цен на стройку

Жители Подмосковья смогут зарегистрировать дачи в праздники

ДВМС объявляет конкурс на целевое обучение в МГИМО