Орус спортчулары өз туусунун алдында 2022-жылга чейин эл аралык мелдештерге катыша албайт
Орус спортчулару 2022-жылдын 16-декабрына чейин Орусиянын туусу менен эл аралык мелдештерге катыша албайт. Лозаннадагы Спорттук арбитраждык сот Орусиянын Кызытмага каршы агенттигинин жана Эл аралык кызытмага каршы агенттиктин доосун караган соң ушундай чечим чыгарды. Ошондой эле ушул мөөнөттө Орусия дүйнөлүк чемпионаттарды өткөрө албайт. Эми спорттук соттун чечимине ылайык, орус спортчулары өз өлкөсүнүн туусунун алдында 2021-жылдагы Токиодо өтчү Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына, 2022-жылы... Читать дальше...