Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Талант Мамытов Москвага барат

0
Талант Мамытов Москвага барат

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвага расмий иш сапар менен барат. Сапар парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында 6-декабрдан 8-декабрга чейин болот.

Бул маалыматты президенттик аппараттан да ырасташты. Парламенттин басма сөз кызматы төраганын расмий сапары тууралуу кеңири маалымат 3-декабрда берилерин маалымдады.

Талант Мамытовдун Орусияга сапары тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташтык уюмунун (ЖККУ) парламенттер ассамблеясынын онлайн жыйынында билдирген. Володин Мамытовго кайрылып, "сиз менен дүйшөмбүдө, сиздин Орусияга расмий сапарыңызда сүйлөшүп, көп маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз",- деген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгынан улам чыккан октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашып, президент Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берген.

6-октябрга караган түнкү башаламандыкта абактан бошотулган экс-депутат Садыр Жапаров алгач өкмөт башчы болуп, андан кийин президенттин милдетин аткарууну колуна алган. 10-январга дайындалган президенттик шайлоого катышуу үчүн убактылуу бул кызматтардан баш тарткан Жапаровдун ордуна Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов президенттин милдетин аткарууда.

Октябрь окуяларынан кийин Орусияга Кыргызстандан өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаев барып келген.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев о победе на "Мастерсе" в Мадриде: у меня нет слов






В России представили специальный комплект iPhone 15 Pro к 9 мая – со встроенным «мини-телевизором»

Патриотический концерт состоится в Мытищах 7 мая

В городах России выступят летом юные вокалистки из Приамурья

Эксперт: Сегодня мигрантам из КР самое время посмотреть другие рынки труда