Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Клара Сооронкулова чогулткан кол тамгаларын БШКга тапшырды

0
Клара Сооронкулова чогулткан кол тамгаларын БШКга тапшырды

Президенттикке талапкер болууну көздөп жаткан саясатчы Клара Сооронкулова шайлоочулардын колдору коюлган тизмени БШКга тапшырды жана 1 млн. сом күрөө акчаны 3-декабрда төктү. Бул тууралуу боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин 14 жаран кол тамгалардын тизмесин тапшырганы жана БШКнын депозиттик эсебине 1 миллион сомдон акча которгону кабарланган. Алар:

Аймен Касенов;

Бабыржан Толбаев;

Адахан Мадумаров;

Садыр Жапаров;

Равшан Жээнбеков;

Рашид Тагаев;

Элдар Абакиров;

Жеңишбек Байгуттиев;

Арстанбек Абдылдаев;

Курсан Асанов;

Бактыбек Калмаматов;

Мыктыбек Арстанбек;

Абдил Сегизбаев;

Улукбек Кочкоров.

Акыркы маалыматтар боюнча, БШКнын кароосунда учурда президенттик жарышка катышууну көздөгөн 36 жаран бар. БШК алардын топтогон кол тамгаларын жана күрөөсүн тапшыргандыгы тууралуу толук маалымат тарата элек.

Шайлоочулардын кол тамгалары коюлган тизмени жана 1 миллион сомдук күрөөнү тапшыруу мөөнөтү 3-декабрдын соңунда аяктайт. Чогулган кол тамгалар 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес өлчөмдө болушу керек. 4-декабрдан тартып БШК тизмедеги коюлган колдордун аныктыгын текшерип, талапкердикке каттай баштайт. Бул жараян 14-декабрда аяктайт.

15-декабрдан 9-январга чейин шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда болот.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Швентек отыграла у Соболенко три матчбола и стала самой молодой теннисисткой с 20 титулами с 2012-го






Обзор «Чазовского» дома в районе Крылатское в Москве

Путин с Собяниным приехали в Храм Христа Спасителя на Пасхальное богослужение

Синоптики спрогнозировали небольшой дождь и порывистый ветер в Москве 5 мая

Туляков приглашают принять участие в конкурсе «Директор года России»