Кыргызстан марихуанага байланыштуу БУУ комиссиясынын чечимине каршы добуш берди
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматы БУУ комиссиясынын марихуананы дүйнөдөгү кооптуу маңзаттардын катарынан чыгаруу чечимине каршы добуш берди.
ИИМ баңгизатка көзөмөлдү азайткан кандай гана чечим болбосун терс таасир көрсөтөрүн маалымдады.
2-декабрда БУУ комиссиясы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен марихуананы дүйнөдөгү эң кооптуу баңгизаттардын катарынан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алган. Комиссияга 53 мамлекет катышып, АКШ жана Европа Биримдигине кирген 27 мамлекет чечимди кубаттады. Кыргызстан, Орусия өңдүү 25 мамлекет каршы добуш берди. Украина бейтарап турумда калды.
Марихуана 1961-жылы Баңгизаттар боюнча бирдиктүү конвенциянын тизмесине кооптуу маңзат катары кирген.
Эксперттердин айтымында, БУУ комиссиясынын чечими ыкчам ишке ашуу мүнөзүнө ээ эмес, себеби, ар бир мамлекет баңгизаттар боюнча өз саясатын белгилейт. "New York Times" гезити көп өлкөлөр глобалдык конвенцияга таянарын жазды.
АКШдагы бир катар штаттарда жана дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде марихуананы медициналык максаттарда колдонушат же жекече колдонууга уруксат берилген.