Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

COVID-19: АКШда ооругандар көбөйүүдө, Кытай менен Германия вакцинаны ойлоштурууда

0
COVID-19: АКШда ооругандар көбөйүүдө, Кытай менен Германия вакцинаны ойлоштурууда

6-декабрдан тартып АКШнын Калифорния штатында калайык жыш жайгашкан аймактарда тургундарга үйдөн чыкпоо тууралуу буйрук күчүнө кирди. АКШда коронавируска чалдыккандардын саны 5-декабрда дээрлик 230 000 кишиге жетип, жаңы терс рекорд жаралды. Бир күн-түндө эле бул өлкөдө 2,527 киши алааматтуу оорудан өлдү.

Кытайда болсо COVID-19 илдетине каршы вакцина менен кеңири өлчөмдө эмдөө камылгалары жүрүп жатат. Буга чейин эле 1 миллиондон ашуун кытайлык жарандар сынактан өтүп жаткан вакцина менен эмделген болчу. Бирок саламаттык сактоо мекемеси бул вакцинанын натыйжалуулугу тууралуу өз бүтүмүн биротоло чыгара элек.

Германиянын Саламаттык сактоо министрлиги жаңы жылдын ирегесинен тартып вакцина менен эмдөө баштала турганын жарыялады. Немис канцлери Ангела Меркел 5-декабрдагы сөзүндө вакциналар жакын арада таркатыла баштайт деп үмүттөнүп жатканын айтты.

Дүйнөдөгү коомдук турмуш өз жолу менен улантылууда. Маселен, Кувейт өлкөсү 5-декабрда коронавирус илдетинен сактануу кырдаалында парламенттик шайлоону өткөрдү.

Ал эми румын шайлоочулары 6-декабрдагы шайлоодо Румыниянын 136 сенаторун жана 329 депутатын шайлоо үчүн добуш берүүдө.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Джокович проиграл 32-й ракетке мира в третьем круге «Мастерса» в Риме






Солдаты Польши потеряли снайперскую винтовку BOR в ходе учений

Тренер Гаджиев не считает "Спартак" фаворитом кубковой игры против "Балтики"

Скончался актер и каскадер из «Место встречи изменить нельзя»

Прыгнул в реку с 50-метровой высоты: В Турции обнаружили тело туриста из России