Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Трамп Жоржиядагы сенаторлорду колдогон жыйында 3-ноябрдагы шайлоо тууралуу негизсиз доолорун кайталады

0
Трамп Жоржиядагы сенаторлорду колдогон жыйында 3-ноябрдагы шайлоо тууралуу негизсиз доолорун кайталады

АКШ президенти Доналд Трамп 5-декабрда Жоржия штатындагы республикачы сенаторлорду 2-айлампада колдоо иретинде уюштурулган демонстрацияда чыгып сүйлөп, 3-ноябрдагы президенттик шайлоо жыйынтыгы одоно бурмалоолор менен жасалды деген эски дооматтарын кайталап сүйлөдү.

АКШнын Жоржия штатынын түштүгүндөгү Валдоста шаарында миңдеген кишилердин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Трамп: “Бул – одоно бурмалоо болду. Бул – түзөтүлгөн иш болуп калды”, – деди.

2021-жылдын 5-январына белгиленген шайлоонун экинчи айлампасына чыккан республикачы сенаторлор Келли Лёффлер менен Дэвид Пердьюнун сенаторлукка талапкерлигине колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган жыйынга Трамптын далилсиз доомат сөзү өз көлөкөсүн тийгизди деп бааланууда.

Буга чейинки Трамптын өнөктүгүн жүргүзгөн топтун арыздарынын дээрлик бардыгы далилдердин жетишсиздигине байланыштуу делип четке кагылган болчу.

Жоржия штатынын расмий өкүлдөрү бул штатта Байден 12 миңден ашуун добушту көбүрөөк алып, жеңишке жетишти деп саал мурдараак тастыкташкан болчу.

14-декабрда АКШнын шайлоо коллегиясы өз отурумунда быйылкы президенттик шайлоодо ким жеңгендигин биротоло тастыктайт. Бирок буга чейин эле дүйнөнүн ири мамлекеттеринин басымдуу көпчүлүгүнүн лидерлери Жо Байденди президент болуп шайланышы менен куттукташкан.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Первая ракета мира Джокович получил бутылкой по голове после матча в Риме






Традиционный турнир по кудо в Нижнем Новгороде собрал более 200 спортсменов из разных регионов

Changerella: мониторинг обменников в Telegram для выгодных сделок

С кем сегодня дружит Россия? Неутешительную правду озвучил Хазин

В Петербурге пройдет III ярмарка современного искусства «1703»