Ростов-на-Донуда пиротехникалар турган павильондо өрт чыкты
Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы базарда 6-декабрда өрт чыгып, пиротехникалык каражаттар турган павильондо жарылуу болду. Бул тууралуу чукул кызматтардын маалыматына таянып ТАСС агенттиги кабарлады.
"Классик" базарындагы эки кабаттуу павильондогу өрт эртең менен башталып, павильондун бир бөлүгү зыян тартты.
Базардын төрт миң чарчы метри күйүп кетти. Өрттү өчүрүүгө 446 адам, 134 техника тартылып, Москва убактысы менен саат 11ге жакын өчүрүлдү.
Ден соолугунан жабыркагандар же курмандыктар тууралуу маалымат жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ростов облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин орунбасары Владимир Устин тилсиз жоого электр линиясындагы кыска туташуу себеп болушу мүмкүндүгүн айтты.