7-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
7-декабрда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдорго муз тоңот. Батыштан жел согот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5,
Талас жергесинде түнкүсүн -9....-14, күндүз 0...-5,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...+4,
Нарын дубанында түнкүсүн -10...-15, күндүз -4...+1
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -8...-13.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Түнкүсүн -9...-11, күндүз -1...-3° болот.