Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Ферганада Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын башчыларынын жыйыны өтөт

0
Ферганада Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын башчыларынын  жыйыны өтөт

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков 7-декабрда Баткен жана Ош облустарына эки күндүк иш сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, сапардын жүрүшүндө Новиков 8-декабрда Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасындагы аймактардын жетекчилеринин жыйынына катышат. Жыйын Кыргызстандын өкмөтүнүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Өзбекстандын акимдеринин деңгээлинде өтөрү күтүлүп жатат.  

Новиков Ош жана Баткен облустарындагы өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат жана Кадамжай шаарындагы оорукананын курулушун  көрөт.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Эркештам» көзөмөл-өткөрмө жайынын иши менен таанышып чыгары да айтылды.  

Новиков 5-декабрда Нарын облусуна барып,  кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" бекетинин ишин көрүп кайткан.

Ушу тушта Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда тогуз тактала элек чек ара тилкеси бар. Тараптар чек араларды тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келгени менен чек ара тилкелери толук такталып бүтө элек. Такталбаган чек ара аймактарында эки өлкө жарандарынын араздашуулары маал-маалы менен катталып турат.   

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 1170 чакырымы же 85% такталган. Дагы 10% боюнча макулдашууга жетишилгени кабарланган. (NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Тарпищев: нельзя Медведева назвать главным претендентом на золото Олимпиады






В Москв таксист опоздал на вызов к пожилому пассажиру и прострелил ему бедро

Прогрессивные методы предсказания роста криптовалют на Бинанс — ИИ в действии

В мире: Зачем России дружба между Китаем и Индией

Вступают в силу: май