Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Зилалиевдин адвокаты башкы прокурорго кайрылды

0
Зилалиевдин адвокаты башкы прокурорго кайрылды

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин адвокаты Самат Матцаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерине карата арыз менен башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылганын "Азаттыкка" билдирди.

Ал УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Зилалиевдин ишин жаңы жагдайларга байланыштуу карап чыгуу боюнча арызын реестрге каттабай койгон прокуратура кызматкерлерине каршы жазган даттануусу номенклатуралык ишке мыйзамсыз жана негизсиз киргизилген деп эсептейт.  

Адвокат быйыл сентябрда  Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасынын кызматкерлерине каршы УКМКга арызданган.  Анын айтымында, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары арызда жазылган фактыларды дароо реестрге каттаган, бирок сотко чейинки териштирүү иштерин баштабай туруп аны номенклатуралык иштерге киргизип койгон.

УКМК адвокаттын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.

Эки кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан Дүйшөнбек Зилалиев 6-октябрдагы тополоңдо соттун мыйзамсыз чечими менен камактан бошотулуп,  12-октябрда кайра кайтарылганын УКМК билдирген.

Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган болчу. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренесинин негизинде иш козголгон.

Зилалиев айыптарды четке кагып, мыйзамсыз түрдө камалганын айтып жүрөт. (NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Кто транслирует бой Табило против Джоковича на турнире Rome Masters 1000?






Geely, подвинься. Changan впервые вошёл в топ-3 по продажам иномарок в России

Москвичам рассказали, когда в столицу вернется тепло

Воздушные гиганты Сикорского: как в Российской империи был создан первый тяжёлый бомбардировщик

Преподаватели из Раменского получили общественные награды