Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Эмгек сиңирген машыктыруучу Адылхан Бекболотов дүйнө салды

0
Эмгек сиңирген машыктыруучу Адылхан Бекболотов дүйнө салды

Бокс боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери, республиканын он жолку чемпиону жана ири эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү Адылкан Бекболотов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Буга чейин Бекболотовго кан керек болуп жатканы тууралуу маалымат чыккан. Ал эки жолу операция болуп, реанимацияда жатканы айтылган.

Адылхан Бекболотов 1962-жылы Түп районунун Күрмөнтү айылында төрөлгөн. "Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер", "Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу" ардактуу наамдарына ээ. СССРдин спорт чебери.  Бүткүл союздук жаштар оюндарынын күмүш,(1982-ж), СССР кубогунда эки жолу коло байге алган. Бир нече эл аралык мелдештердин байгелеринин ээси. 

Спорттук карьерасында рингде дүйнөгө белгилүү мушкерлер Константин Цзю жана Орзубек Назаров менен беттешкен. Рингде 350 таймаш өткөрүп, 320 жолу жеңишке жеткен. 

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги Бекболотов Кыргыз Республикасында бокстун өнүгүшүнө жана калыптанышына эбегейсиз салым кошкондугун белгилейт. 2009-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенген.

2017-жылдан бери Бишкек шаарындагы спорт мектебинде бокс боюнча машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.

Маркум менен коштошуу зыйнаты 8-декабрда өзү туулуп өскөн Түп районунун Күрмөнтү айылында өтөт.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Медведев рассказал, как ударился головой перед матчем с Уиллисом на Уимблдоне в 2016 году






В Самаре началась проходка тоннеля до станции метро "Театральная"

Роботы-курьеры «Яндекса» будут доставлять заказы в ещё нескольких районах Москвы

Changerella: мониторинг обменников в Telegram для выгодных сделок

Девушка устроила пожар в ЖК «Люберецкий», очевидцы сняли мемное видео