Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Оппозиция Никол Пашинянга кызматтан кетүүгө убакыт берди

0
Оппозиция Никол Пашинянга кызматтан кетүүгө убакыт берди

Арменияда ишембиде премьер-министр Никол Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылган каршылык акциялары өттү. Анда миңдеген адамдар алгач Еревандагы Эркиндик аянтына чогулуп, андан ары Пашинян жашаган өкмөттүк дачага барышты. Демонстранттар премьер-министрдин кызматтан кетишине 8-декабрга чейин убакыт чектешти.

Никол Пашиняндын отставкасын баш-аягы 17 партия талап кылып жатат жана алар "Ата Мекенди коргоо" кыймылына биригишкен. Бул кыймыл өкмөт башчылыкка "Улуттук-демократиялык бирикме" партиясынын лидери Вазген Манкуяндын талапкерлигин көрсөткөн.

Арменияда Никол Пашинян Тоолуу Карабактагы согушту токтотуу боюнча Азербайжан жана Орусия менен үч тараптуу келишимге кол койгондон бери каршылык акциялары өтүп жатат. Макулдашууну көпчүлүк армяндар Еревандын утулушу катары кабыл алган.

Үч тараптуу келишимге ылайык, Азербайжан 1990-жылдардын башына чейин өзү көзөмөлдөгөн аймактарды эле эмес, дагы бир катар райондорду, анын ичинде Карабактын байыркы борбору Шуша шаарын да алды.

Ок атууну токтоткон келишимдин дагы бир шарты боюнча Орусия 2 миңге жакын аскерин Тоолуу Карабакта тынчтык орнотуучу катары киргизген. Алар ушул тапта Арменияны Карабактын жикчил бөлүгү менен байланыштырып турган Лачын өткөөлүн да кайтарып жатат.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Медведев вышел в четвертый круг "Мастерса" в Риме






Церемония вручения премии "Жара Music Awards" прошла на "ЦСКА-Арене" в Москве

Где, кроме Камчатки, в России можно увидеть гейзеры (ФОТО)

Собянин показал готовый экземпляр нового кроссовера «Москвич 8»

Депутат ГД подал в суд на военблогера СВО за клевету