Меркель менен Путин Тоолуу Карабакты, Навальныйды талкуулады
Орусиянын президенти Владимир Путин дүйшөмбүдө август айынан бери биринчи жолу немис канцлери Ангела Меркель менен телефондон сүйлөштү. Кремлдин сайтындагы маалыматка караганда, анда негизги сөз Тоолуу Карабактагы жагдай тууралуу болду. Маалыматта "тараптар куралдуу кагылышта жапа чеккен эл көйгөйүн чечүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти", деп айтылат.
Эки лидер андан сырткары Донбасстагы жаңжалга токтолушту. "Путин анда Минск келишими маанилүү экенин белгиледи", деп жазылат Кремлдин сайтында.
Бул маалыматта Путин менен Меркель орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный тууралуу да сөз кылганы айтылган эмес. Немис өкмөтүнүн өкүлдөрү "РИА-Новости" агенттигине орус оппозициячыл саясатчысы тууралуу да жагдай талкууланганын билдиришти.
Путин менен Меркель акыркы жолу телефондон 18-августта сүйлөшкөн, анда Беларустагы саясий кырдаалды талкуулашкан. Андан эки күндөн кийин Навальный ууланып ооруканага оор абалда түшкөн, кийинчерек жакындарынын талабы менен Берлиндеги ооруканага которулган. Германия Орусиядан Навальный ууланган жагдайды териштирүүну талап кылган. Расмий Москва болсо оппозициячыл саясатчынын ууландырылышы боюнча дооматтардын баарын четке кагып келет.