Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Чеченстандын муфтийи никаб кийгендерди сындады

0
Чеченстандын муфтийи никаб кийгендерди сындады

Чеченстандын муфтийи Салах Межиев никаб кийүүгө салынган тыюуну колдобой жаткандарга жооп кайтарды. "Кавказ.Реалии" басылмасынын билдиришинче, анда Межиев мындай адамдарды "Алланын душмандары" жана "ваххабиттер" деп атады. Чечендер улуттук салттуу кийим-кечесин кийиши керектигин билдирди.

"Биринчиден, эгер сен өзүңдү көрсөткүң келбесе, анда үйдө отур. Экинчиден, эгер алар толук чүмкөнүп алышса, алар өздөрүнөн айырмалангандарды туура эмес деп эсептей башташат. Андан кийин алар куур тагынып алып, башка бейкүнөө адамдарды өлтүрүүгө барат", деп айтты муфтий.

"Грозный" мамлекеттик телеканалы ушул айдын башында борбор шаардын полиция башчысы Аслан Ирасханов менен Межиевдин никаб кийген кыз-келиндерди сынга алганы тууралуу сюжет көрсөткөн. Анда муфтий араб өлкөлөрүндө көзүн гана көрсөтүп, бети-башын толук чүмкөп алышарын, бул алардын салттуу кийими экенин, шариятка эч кандай тиешеси жоктугун айткан. Исраханов шаарда эч кимге никаб кийгенге уруксат бербей турганын эскерткен. Толук чүмкөнүп алгандарды араб өлкөлөрүнө көчүп кетүүгө чакырган.

Мындан эки жыл мурун Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) комитети никабга же аялдар кийе турган чүмбөттүн бир түрүнө салынган тыюуну адам укуктарын бузуу катары тааныган. Анын алдында Франция мусулман аялдардын никаб кийишине тыюу салган.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме






Водитель упавшего с моста в Питере автобуса ранее работал курьером и контролером

Москвичам рассказали, когда в регион вернётся тёплая погода

Подмосковный врач Войчук назвал лучшие блюда для пикника

На коин черт: как россиян обворовывают через криптобиржи