Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Арменияда оппозициянын акциялары башталды

0
Арменияда оппозициянын акциялары башталды

Арменияда оппозициянын тарапкерлери өлкөнүн борбору Ереван баштаган бир нече шаарда акцияларды өткөрүп жатат. Мындай акциялар оппозиция премьер-министр Никол Пашинянды кызматтан кетишин талап кылган мөөнөт аягына чыккан 8-декабрда башталды.

«Никол, чыккынчы», «Николсуз Армения» деген ураандарды чакырган жүздөгөн адамдар Еревандын көчөлөрүнө чыгып, шаардагы автоунаа кыймылын бууду. Акциянын бир нече катышуучусун милиция кармады.

Митингдер Гүмрү, Ванадзор сыяктуу башка шаарларда да өттү.

Оппозициячыл «Армян революциячыл федерациясы» партиясынын лидери Ишхан Сагателян премьер-министр Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылды. Ал күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин өкмөт башчынын буйруктарын аткарбоого чакырды.

Буга чейин оппозиция өкмөт башчынын кызматтан кетишине 8-декабрга чейин мөөнөт берген. Никол Пашиняндын кызматтан кетишин баш-аягы 17 партия талап кылып жатат жана алар «Ата Мекенди коргоо» кыймылына биришкен. Бул кыймыл өкмөт башчылыкка Улуттук-демократиялык бирикменин лидери Вазген Манукяндын талапкерлигин көрсөткөн.

Никол Пашиняндын саясий салмагы 10-ноябрда Тоолуу Карабактагы куралдуу кагылышты токтотуш үчүн Азербайжандын жана Орусиянын президенттери менен макулдашууга кол койгондон кийин кескин азайды. Документти көпчүлүк армяндар Еревандын жеңилиши катары кабыл алышты.

Келишимге ылайык, Азербайжан уруш маалында өз көзөмөлүнө алган Тоолуу Карабактагы жана анын айланасындагы жерлерди башкарып калат. Аймактагы коопсуздукту сактоого 2000ге жакын ашуун орусиялык бейпилдик күчтөрү көмөктөшөт.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме






Источник 360.ru: пожар произошел в общежитии воинской части на улице Бутлерова

Собянин рассказал о проведении конного фестиваля

Пять нижегородских ДУКов вернули тепло 95% обслуживаемых домов

Yandex N.V. подала заявку на делистинг акций с Московской биржи