Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Аксы районунда бала бакча өрттөнүп кетти

0
Аксы районунда бала бакча өрттөнүп кетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл аймагынын Сыны айылындагы №26 бала бакчанын имараты дээрлик толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Анда айтылгандай, «112» кызматына 8-декабрга караган түнү саат 00:15те кырсык тууралуу кабар түшкөн. Өрттү өчүрүүгө бир бөлүм тартылган.

Натыйжада өрт саат 02:10до курчоого алынып, саат 03:45те өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 784 чарчы метр күйгөн. 

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Өлкөдө мамлекеттик, муниципалдык жана менчик 1062 бала бакча бар.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылдын он айында Кыргызстанда жалпы 2045 өрт катталган. Тилсиз жоонун чыгымы 473 млн. сом деп эсептелди. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Хачанов вышел в третий круг турнира ATP в Риме






Финалистов патриотической акции «Рисуем Победу» наградят в Музее Победы

Роботам-курьерам расширили ареал // Насколько эффективным окажется этот способ доставки

В Самаре началась проходка тоннеля до станции метро "Театральная"

Лесничие Талдомского округа убрали упавшее дерево с дороги