Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Талапкерлердин ичинен Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна эң көп акча түштү

0
Талапкерлердин ичинен Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна эң көп акча түштү

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) көзөмөлдөө-текшерүү тобу президенттик шайлоого катыша турганын билдирген 20 кишинин шайлоо фондуларына түшкөн каражаттар жана анын сарпталышы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка караганда, шайлоо фондуна эң көп акча Садыр Жапаровдон түшкөн. Анын акчасы шайлоо фонддорундагы 44,7 миллион сомдук жалпы эсептин 33.5% түзөт. 

Андан кийин жеке ишкер Бабур Төлбаев турат, анын шайлоо фондуна 5,2 млн. сом которулган.  Калган 18 кишинин шайлоо фонддоруна 1,1 миллион сомдон 2,5 миллион сомго чейин акча түшкөн.

Шайлоо фонддорундагы жалпы эсеби 44,7 миллион сомдук каражаттын 26.3 млн. сому сарпталган.  

Бул - 4-декабрга карата маалымат. Шайлоо фонддоруна түшкөн акча жана анын чыгымдалышы боюнча бул аптада БШК маалымат бере элек. Андан бери президенттик шайлоого катышарын билдирген жарандардын он тогузу калды. Башында бул кызмат орун үчүн ат салышарын 65 киши расмий билдирген.  Алардын айрымдары шайлоого катышуудан баш тартты, бир тобун БШК жарыштан четтетти.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Алар негизинен белгиленген шайлоо күрөөсүн төккөндөр жана кеминде 30 миң кишинин кол тамгасын чогултуп, тапшыргандар.

БШК президенттикке талапкерлерди 14-декабрга чейин каттоого тийиш. Үгүт өнөктүгү 15-декабрда башталып, 9-январда аяктайт. (NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме






Подмосковные школьники смогут пройти пробный ЕГЭ по информатике

На «Москвиче» освоили сварку и покраску кузовов

Военнослужащая из Истры получила орден Мужества

Когогин и Собянин дали старт производству по технологии полного цикла на «Москвиче»