Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Акыйкатчы соттолуучулардын даттануу тартибин аныктоо үчүн эки кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылды

0
Акыйкатчы соттолуучулардын даттануу тартибин аныктоо үчүн эки кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылды

Акыйкатчы институтунун атайын комиссиясы Кыргызстанда абакта отурган аялдын укугу бузулганын аныктады.  Акыйкатчы институту соттолгон аялдын өзүн жатак абагына которуу тууралуу арызы негизсиз четке кагылганын 8-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин аялдар колониясынын жетекчилиги Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) атайын комиссиясына соттолуучуну жатак абакка которууну сунуш кылган. Бирок атайын комиссия аны четке каккан. Соттолуучунун адвокаты Бишкектин Свердлов райондук сотуна бул чечимди мыйзамсыз деп табуу жана анын жазасынын калган бөлүгүн жатак абакта өтөөгө уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Сот ал арызды канааттандырган эмес. Андан кийин Бишкектин Административдик соту, шаардык сот да бул чечимдерди өзгөртүүсүз калтырган.

Сот буга Кылмыш-процессуалдык кодексинде ЖАМК органдарынын аракеттерине карата арыздануулардын тартиби каралган эмес деген жүйө келтирген. 

Акыйкатчы институту муну менен соттолуучунун конституциялык укугу бузулган деп эсептейт. Мекеме буга Кылмыш-процессуалдык жана Кылмыш аткаруу кодекстеринде даттануу тартибинин жана ЖАМКнын атайын комиссиясынын чечимдеринин сотто же прокуратурада кайра каралышы боюнча жоболордун жоктугу себеп болгонун маалымдады.

Буга байланыштуу Акыйкатчы Токон Мамытов 8-декабрда парламентке аталган кодекстерге өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарды жиберүү өтүнүчү менен өкмөткө кайрылды.

ЖАМК Акыйкатчы институтунун билдирүүсү боюнча азырынча маалымат бере элек. (NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко испытала проблемы после снятия Рыбакиной с турнира в Риме






Две пары из Подмосковья сыграли свадьбу на выставке «Россия»

Каменские поисковики ищут родственников солдат и командиров, умерших от ран в местном госпитале в фронтовые годы

Лагерь «Литвиново» примет 49 детей из Лобни

Yandex N.V. подала заявку на делистинг акций с Московской биржи