Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев Финполдо үч сааттан ашык сурак берди (видео)

0
Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев Финполдо үч сааттан ашык сурак берди (видео)

Мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 9-декабрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финансы полициясы) үч сааттан ашык сурак берди.

Сарпашев сурактан кийин “Азаттык” радиосуна өзүнө коюлган айыптарга байланыштуу өз позициясын коргогонго аракет кыларын билдирди.

Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кайсы иштер боюнча сурак болгонун так айткан жок.

"Сурак башталганда эң биринчи документке анын купуялуулугу тууралуу кол коюп бересиң. Ошого байланыштуу мен эч нерсе деп айта албайм. Ишти үстүртөн да айтып бере албайм. Бул юридикалык маселе. Мен андан аттай албайм. Бирок бул процесс уланат. Иш жаңыдан гана башталды. Тергөө бүтүп, сотко кеткенден кийин ачык айтылат. Бирок мен тергөөдө бардык суроолорго ачык жооп бергенге даярмын. Мени буга чейин эки жолу депутаттык комиссия да текшерген. Мен үчүн бул көнүмүш адат”.

Финансы полициясы жүргүзүп жаткан сотко чейинки териштирүү иштеринде Тайырбек Сарпашевдин мүлкүнүн мыйзамдуулугу текшерилип жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, ал «мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган" деп айыпталууда.

Тайырбек Сарпашев өкмөттө 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. (MiK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Стало известно, с кем сыграет Вероника Кудерметова во втором круге турнира WTA-1000 в Риме






"Американская мечта" сегодня. Теория заговора оказалась правдой

Президент Лаоса отметил роль России в развитии многополярного справедливого мира

Депутат Мособлдумы Черемисов поздравил Елизавету Терон с 9 Мая

«Россети Московский регион» отметили День Победы в Красногорске