Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Артем Новиков кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» бекетин текшерди

0
Артем Новиков кыргыз-кытай чек арасындагы «Эркечтам» бекетин текшерди

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ош облусундагы иш сапарынын алкагында «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү бекети аркылуу жүк ташуучу транспортту өткөрүү жана эсепке алуу тутумун текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады.

Артем Новиков белгилегендей, жүк ташуучу автоунаалардын мамлекеттик чек арадан өтүшүнүн бардык процесстери автоматташтырылышы керек жана ал контактсыз негизде жүрүшү керек. Ошондой эле салмак-габариттик башкаруу тутумдарынын жана текшерүү комплексинин ишиндеги кемчиликтер да белгиленди.

«Учурда маалыматтык тутумдун ар бир бөлүгү автономдуу иш алып барып жатат, бирдиктүү концепция жок. Жүктүн декларациясына кол менен түзөтүү киргизүүсүз маалыматтардын электрондук базасы түзүлүшү керек. Ал тутум милдеттүү түрдө салмак көзөмөл жана инспекциялык-текшерүү комплексине тутумдаштырылышы зарыл. Мамлекеттик чек ара аркылуу автотранспорт каражаттарынын өтүшүн фиксациялаган камераларды орнотуу жетишсиз. Алынган маалыматтарды талдоочу, маалыматтардагы айырмачылыктарды жана тобокелдиктерди көрсөтүүчү платформа керек», - деди бекетке барган кезде Новиков.

Артем Новиков мурдараак кыргыз-кытай чек арасындагы экинчи бекет «Торугартка» жана кыргыз-казак чек арасындагы бекет «Чалдыбарга» барган. Анда өткөрмө жайларында товарларды эсептөө системасы жаңыланбаганын сынга алган.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен жана Ош облустарына иш сапары менен 7-декабрда барган. Андан ары Ферганага барып, Өзбекстандын жана Кыргызстандын чек арага жакын жайгашкан аймактарынын жетекчилеринин үчүнчү жыйынына катышып келген. (ErN)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Казахстан узнал еще одну печальную новость после сюрприза Рыбакиной






​Апелляционный суд принял жалобу Мосбиржи по делу СМЗ

Кардиолог Степанова предупредила об опасной связи усталости и болезней сердца

Врач Баланова рассказала, как избавиться от отеков после майских застолий

Как избавиться от отеков после майских праздников