Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Прокуратура Тоң райондук сотунун чечимине каршы даттанат

0
Прокуратура Тоң райондук сотунун чечимине каршы даттанат

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Шаар айылынын тургуну, 7-класстын окуучусунун айылдаштары тарабынан зордукталып жүргөнү тууралуу соттук териштирүүгө байланыштуу Башкы прокуратура түшүндүрмө берди.

Маалыматта: «Өспүрүм кызды ушул эле айылдын 28 жаштагы эки тургуну менен 41 жаштагы жашоочусу күч колдонуп зордукташканы тууралуу факты Бирдиктүү реестрге Жазык кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») менен катталган. Кызды зордуктоо аракеттери жогорудагы жарандар тарабынан өз-өзүнчө же башкача айтканда, ар кайсы маалда болгондуктан үч жазык иши козголгон. Жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен жогоруда белгиленген үч жаранга карата айыптоо корутундулары бекитилип, Тоң райондук сотуна жиберилген», деп жазылган.

Башкы көзөмөл органы кабарлагандай, сотто прокуратура айыпталуучулардын экөөнө 15 жылдан, ал эми 41 жаштагы адамды 20 жылга эркинен ажыратууну соттон суранган.

2-декабрда жана 11-декабрдагы соттук териштирүү учурунда 28 жаштагы эки айыпталуучу «аракеттеринде кылмыш курамы жок» деген негиз менен акталып, сот залынан бошотулган. Ал эми 41 жаштагысы Жазык кодексинин 164-беренеси («Жашы жетелек адам менен жыныстык мүнөздөгү аракеттер») боюнча күнөөлүү деп табылып 7,5 жылга эркинен ажыратылган. Прокуратура сот чечими менен макул эмес экенин билдирип, азырынча чечимдердин бири гана келип түшкөндүгүнө байланыштуу аны жокко чыгаруу тууралуу өтүнүч менен облустук сотко кайрылганын, дагы эки чечимдин актылары күтүлүп жатканын кабарлады.

Көзөмөл органы эгерде Ысык-Көл облустук соту Тоң райондук сотунун чечимдерин жокко чыгарып, айыптоо мүнөзүндөгү өкүм кабыл алса, райондук соттун судьясы Сабыр Содонбековдун жоопкерчилиги каралышы ыктымал экенин билдирген.

Жабырланган кыздын атасынын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, кызды бул үчөө көптөн бери зордуктап келишкен, видео менен коркутуп, шантаж кылышкан. Ишти кыздын жакындары ал кош бойлуу болуп калганда гана билишкен.

Жарым жылдан ашуун убактан бери өспүрүм кызды зордуктап жүргөн деп айыпталган үч адам райондук соттон акталып, жазасы жеңилдетилгени коомчулукту нааразы кылды. Жарандык активисттер жана укук коргоочулар мындай чечим чыгарган судьянын иши иликтенип, жоопкерчиликке тартылышын талап кылышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко 13 жаштагы кызды зордуктаган адамдын акталышына байланыштуу Ички иштер министрлигине кайрылуу жөнөттү.

Ал 14-декабрда «Фейсбуктагы» баракчасына: «Мен депутат катары жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрайымы катары мыйзамдуулукту жана акыйкатты талап кылам», - деп жазды.

Парламенттин дагы бир депутаты, президенттик шайлоого талапкер болгон Каныбек Иманалиев да «Фейсбукта» видео кайрылуу таратып, өспүрүм кызды мазактаган сот чечимин кайра артка кайтарууга аракет кыларын билдирген. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме






На участников красноярской ОПГ Малиновского возбуждено более 40 дел

Посол Антонов: Путин дал Западу сигнал о возможном диалоге по безопасности

Под защитой «семерки» и Красной Горки: что обязательно нужно сделать 12 мая

Сомнения в себе