Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Түркияда Чыңгыз Айтматовду эскеришти

0
Түркияда Чыңгыз Айтматовду эскеришти

14-декабрда Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин маңдайында эскерүү иш-чарасы өттү. Ага Түркиянын президентинин кеңешчиси Ялчын Топчу, Анкаранын Кечиөрен районунун мэри Тургут Алтынок, Кыргызстандын Анкарадагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Анкара шаарынын муниципалитеттеринин башчылары, эл аралык жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ишкердик чөйрө өкүлдөрү, студенттер, ЖМКнын, ошондой эле Түркияда жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Айтматовго арналган маданий иш-чарада улуу жазуучунун  мурасынын Түркиядагы мааниси жана көөнөргүс чыгармалары жөнүндө сөз сүйлөштү.

Ал эми Чыңгыз Айтматовдун түрк тилине которулган «Ак кеме» жана «Кызыл жоолук жалжалым» повесттерин Түркиянын Билим берүү министрлиги орто мектептердин программасы үчүн «100 классикалык чыгарманын» милдеттүү тизмесине киргизген.

Түркиянын Анкара жана Стамбул шаарларында Чыңгыз Айтматовдун айкелдери тургузулган. Өлкөнүн чоң шаарларында Айтматов атындагы көчөлөр, маданий борборлор жана сейил бактары бар.

Измир шаарында ачылган Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик лицей да окуучуларга таалим берип келет. (ElB)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

После победы в Мадриде Рублев поднялся с 8-го на 6-е место в рейтинге ATP






Лукашенко отдал куртку ветерану ВОВ на параде Победы в Москве

По некоторым данным, самолет рейсом Котлас - Жуковский совершил вынужденную посадку в Кирове из-за неубранного шасси

В театр «Ульгэр» в Бурятии ГИБДД обучило детей безопасноти - Россия, дети и культура, безопасость на дорогах

В Уфе ребенок начал терять память после операций на ноге