Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новиков айрым аткаминерлерди кызматынан төмөндөттү

0
Новиков айрым аткаминерлерди кызматынан төмөндөттү

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы «Бириккен пост» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун пилоттук долбоорун ишке киргизүү боюнча талаптагыдай жүргүзүлбөй жаткан ишке карата сын-пикирин билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Көчмө жыйындын соңунда жооптуу адамдарга карата тиешелүү чаралар көрүлдү. 

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Автомобил, суу транспорту жана салмак, тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин Чүй аймактык башкармалыгынын жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулду.

«Эркечтам»  көзөмөлдөө пунктунун жетекчиси кызматтан төмөндөтүлүп, башка кызматка которулду.

Жалпысынан Транспорт жана жолдор министрлигинин тутумунда «Ак-Тилек» жана «Чалдыбар» транспорттук көзөмөл пункттарынын 22 кызматкери, «Чоң-Капка» жана «Кызыл-Адыр» транспорттук көзөмөл пункттарынын 11 кызматкери ротацияланды.

Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын өздүк курамынын кызматкерлерине карай кызматтык милдеттерин аткарууда кетирилген кемчиликтерине байланыштуу Беткендеги «Кайрагач» өткөрүү пунктунун жетекчиси кызматынан төмөндөтүлүп, инспектор кызматына которулду.

Түштүк аймактагы бажы көзөмөлүн уюштурууну жетектеген «Ош» бажы процесстери борборунун, «Достук» өткөрүү пунктунун жетекчилери кызматынан төмөндөтүлүп, башка орундарга которулду.

Өткөн жумада Артем Новиков Оштогу «Эркечтам», Нарындагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү бекеттерине жана кыргыз-казак чек арасындагы бекет «Чалдыбарга» барган. Анда өткөрмө жайларында товарларды эсептөө системасы жаңыланбаганын сынга алган. (BCh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина обыграла Марию и вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме






Жильё по программе реновации на западе Москвы получат 40 тысяч человек

Более 1,5 млн человек побывали в парках Подмосковья за прошедшую неделю

На платформе Электроугли в Подмосковье подросток-зацепер получил удар током в пах

Мошенники придумали новую схему кражи аккаунтов пользователей Telegram