Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Ошто «Биримдиктин» талапкери мамлекеттик кызматка дайындалды

0
Ошто «Биримдиктин» талапкери мамлекеттик кызматка дайындалды

«Биримдик» саясий партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болуп катталган Бекмурза Эргешов Ош шаарындагы муниципалдык «Жылуулук менен камсыздоо» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Мындай буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 17-декабрда кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Бекмурза Эргешов 4-октябрдагы парламенттик шайлоого партиянын тизмесинде 98-катар менен барган. Буга чейин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын шаардык бөлүмүн жетектеген.

Социалдык тармактарда кыш чилдеде өлкөдөгү ири шаарда «Жылуулук менн камсыздоо» ишканасына жылуулук тармагына такыр тиешеси жок адамдын дайындалышына нааразы пикирлер айтылууда.

Бекмурза Эргешов шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы массалык тополоң менен коштолуп, бийлик алмашып жаткан 6-октябрь күнү Ош шаарындагы борбордук аянтта «Биримдик» партиясы уюштурган митингди алып барган. Анда чогулгандар Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда жакшы жашоо болгонун белгилеп, бийликти сактап калуу зарыл экенин айтышкан. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме






Военнослужащая из Истры получила орден Мужества

Со счетов монастыря украли 26 миллионов рублей

Итоги апреля на первичном рынке массового сегмента Москвы

Уехавшая из России правнучка летчика Чкалова объявлена в розыск МВД