Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Ала-Тоо аянтында бир нече активист Жетим-Тоону коргоого чакырган акцияга чыкты

0

Өзүн блогер деп атаган жарандык активист Тилекмат Куренов баштаган бир нече адам 18-декабрда баш калаа Бишкектеги Ала-Тоо аянтына Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөөнү талап кылып акцияга чыкты. Алар бийликтен кен жайгашкан тоону эл үчүн иштетүүнү суранышыууда.

Акцияны уюштурган Куренов Жетим-Тоону коргоо боюнча атайын кыймыл түзүп, төрага шайлай турганын «Фейсбуктагы» баракчасындагы түз эфиринде билдирди.

«Биздин максат - Жетим-Тоонун бир да ташы, куму коробосун, келечек муунга жаратылышты бузбай сактап берели деп жатабыз», - деди ал.

Садыр Жапаров премьер-министр болуп турганда уюштурган басма сөз жыйындарынын биринде Жетим-Тоодо 50 млрд. тоннадай темир кени бар экенин белгилеп, аны чийкизат түрүндө сатса, анын эсебинен бир жылда 1 млрд. долларды төлөсө болорун билдирген.

Коомдук-саясий чөйрөдө «Жетим-Тоодогу темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт кошуна мамлекетке берет экен» деген күдүк кептер көптөн бери айтылып келет.

17-декабрда президентик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов Жетим-Тоо чет элдик инвесторлорго берилбей турганын билдирген.

Кыргызстандын насыялар үчүн төлөй турган мамлекеттик тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытайга тиешелүү. Тагыраагы Кыргызстандын Кытайга 1 млрд. 778 млрд. доллар карызы бар. (BCh)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Стефанос Циципас

Греческий теннисист Стефанос Циципас поблагодарил мать за советское воспитание






Baza: в Москве горящие залпы салюта попали в толпу, пострадала девушка

"Цена взлетит в небо": эксперт объяснил, что стоит заранее купить россиянам

Собянин: в Подольске отразили атаку летевшего на Москву дрона ВСУ

Летевший к Москве БПЛА уничтожен в городском округе Подольск — Собянин