Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новиков энергетика тармагында авариялар болушу мүмкүн экенин эскертти

0
Новиков энергетика тармагында авариялар болушу мүмкүн экенин эскертти

Кыргызстанда күз-кыш мезгили кыйынчылык менен өтүүдө. Электр энергиясын керектөөнүн жогорулашы энергетика тармагындагы аварияларга алып келиши ыктымал.

Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков 18-декабрда энергетика тармагынын ишин талкуулоо боюнча кезексиз кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Ал калкты кыш мезгилинде элди электр энергиясы менен толук кандуу камсыздоо керектигин айтты: 

«Тийиштүү чараларды кабыл алуу жана калк арасында электрди үнөмдөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрүү маанилүү. Керектөө көлөмүн кыскартуу зарыл. Биз энергияны үнөмдөөчү технологияларга өтүү тууралуу бир нече ирет айтканбыз. Бирок өткөн жылдары бул маселеге жетиштүү көңүл бурулган эмес. Учурда чыныгы абалды жана окуялардын негативдүү өнүгүүсүнө  даярдык кандай экендигин баалоо керек, - деди Артем Новиков.

Анын маалыматына караганда, соңку кезде өлкөдө аба ырайына байланыштуу электр энергиясын колдонуу күн сайын белгиленген лимиттен ашып жатат.   Акыркы күндө эле план боюнча 49,8 млн кВт саат каралган болсо, иш жүзүндөгү керектөө 58 млн кВт саатты түздү.

Новиков «Газпром Кыргызстан» компаниясына Бишкек шаарындагы конуштарды газдаштыруу боюнча иштерди тездетүүнү сунуш кылды.

«Ак-Жар» конушун электр жарыгы менен туруктуу камсыздоо үчүн кошумча линиялар куруларын кошумчалады. 

Бишкектин четиндеги Ак-Жар жана Ак-Бата конуштарынын  тургундары электр энергиясы тынымсыз өчө бергенине нааразы болуп, 15-декабрда кан жолду тосушкан.  (NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко сделала признание о соперничестве с Рыбакиной






Лукашенко рассмотрит заявление об убежище от польского суди Шмидта

Лукашенко на параде одел ветерана в привезенную Мирзиеевым куртку

"Американская мечта" сегодня. Теория заговора оказалась правдой

Более 100 тысяч человек посетили 9 Мая Музей Победы