Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Босния менен Герцеговинанын көп улуттуу Мостар шаарында жергиликтүү шайлоо өтүүдө

0
Босния менен Герцеговинанын көп улуттуу Мостар шаарында жергиликтүү шайлоо өтүүдө

Босния менен Герцеговинанын түштүгүндөгү этностук жактан жиктелген Мостар шаарында 12 жылдан бери алгач жергиликтүү шайлоо өтүп жатат. Шаардык кеңештин 35 мүчөсү жаңы эрежелерге ылайык шайланат. Мындан соң шаардык кеңештин мүчөлөрү калаанын башчысынын шайлашат. Мостардагы добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 07.00дө ачылып, саат 19.00гө чейин иштейт.

Шайлоонун алдында Босния менен Герцеговинада коронавируска байланыштуу кырдаал кескин начарлап кетти. Өлкөнүн саламаттык сактоо органдарынын маалыматы боюнча, вирусту жугузгандар 105 миңден ашса, 3600дөн ашык адам анын кесепетинен каза болду. Добуш берүүнүн жүрүшүндө вирус жайылбашы үчүн шайлоо участокторуна жарандарды аралыкты так сактап, сөзсүз түрдө беткап тагынууну талап кылып, дене табын текшерген соң киргизилип жатат.

Балкан жарым аралындагы көп этностуу Босния менен Герцеговина өлкөсүндө 15-ноябрда жергиликтүү шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгында оппозициячыл партиялар өлкөдөгү эки ири шаарда жеңишке жетишти. Пандемияга каршы өкмөттүн аракеттерине нааразылыктын күчөшү бул өлкөдө бир топ жылдан бери бийликте болуп келген улутчул күчтөрдүн позициясына сокку урду.

Босния менен Герцеговинадагы 1992-1995-жылдыга согуштан соң Мостар шаары алты чакан жамаатка бөлүнгөн. Анын калкынын курамын босниялыктар, хорваттар, сербдер жана башка улуттардын өкүлдөрү түзөт.

2004-жылы өлкө бийлиги бул шаар боюнча “Мостар макамы” аттуу документ кабыл алып, калааны бир муниципалитетке бириктирүүнү көздөгөн. Бирок шаарда жашаган хорваттардын каршылыгынан улам бул планды ишке ашыруу мүмкүн болбой, 2008-жылдан бери жергиликтүү шайлоо өтпөй келген.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Карен Хачанов

Теннисист Хачанов вышел в третий круг "Мастерса" в Риме






В Самаре началась проходка тоннеля до станции метро "Театральная"

Роботам-курьерам расширили ареал // Насколько эффективным окажется этот способ доставки

Хуснуллин: к 2030 году в России предстоит построить почти 1 млрд метров жилья

В 7 корпусах подмосковного ЖК «Прибрежный Парк» начали монтаж инженерных систем