Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

АКШда сенаторлор кибер чабуул үчүн Орусияга чара көрүүгө чакырышты

0
АКШда сенаторлор кибер чабуул үчүн Орусияга чара көрүүгө чакырышты

АКШда республикачыл жана демократ эки сенатор кызматтык мөөнөтү аяктап жаткан президент Дональд Трамптын администрациясын өлкөнүн мамлекеттик мекемелерин бутага алган масштабдуу киберчабуулга жооп кайтарууга чакырышты.

Республикачыл сенатор, партиядагы президентти ачык сындаган саналуу саясатчылардын бири Митт Ромни киберчабуулду кооптуу деп атап, Орусия тууралуу кеп козголгондо Трампта "сокурдук" пайда болот деп сындады.

Ал эми сенаттагы демократтардын бири, Чалгын боюнча комитеттин мүчөсү Марк Уорнер киберчабуул дагы деле уланып жатышы ыктымалдыгын, ага чара көрүлүшү керектигин айтты.

Америкалык атайын кызмат жана Мамлекеттик департамент кибер чабуулдун артында Орусия менен байланышы бар хакерлер турат деп эсептейт.

Алардын маалыматына караганда, киберчабуулдан кеминде алты өкмөттүк мекеменин сайты бузулуп, миңдеген компанияларга вирус таратылган.

Президент Дональд Трамп буга чейин киберчабуулдун зыянын маалымат каражаттары ашкере көрсөткөнүн, анын артында Орусия эмес, Кытай турушу мүмкүн экенин жоромолдогон.

АКШнын шайланган президенти Жо Байдендин командасы кызматка расмий киришкенден кийин Орусияга карата киргизиле турган чаралардын бир нече варианты каралып жатканын билдирди.

Байдендин администрациясын жетектей турган Рон Клайндын айтымында, сырттан мындай чабуулга жол бербөө үчүн санкциялар киргизилиши мүмкүн.

АКШнын өкмөттүк мекемелерине кибер чабуул коюлганы алгач 13-декабрда кабарланган. Аны учурда Орусияда жайгашкан хакерлер тобу уюштурушу мүмкүн экени айтылган. Кремль мындай айыптоолорду четке кагып келатат.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг






Велопарад пройдет в Солнечногорске 25 мая

Бизнес-ланчи подорожали на 37 процентов в кафе Новосибирска

Shot: уехавшая из РФ Дапкунайте задолжала налоговой почти 550 тыс. рублей

СМИ: Суд приговорил Бишимбаева к 24 годам тюремного заключения