Кыргызстанда эл аралык "Үмүт" кино форуму башталат
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдиргендей, КМШ мамлекеттеринин кинофоруму 21-25-декабрда Бишкекте өтөт.
Иш-чара жыл сайын уюштурулуп келет. Аны өткөрүүгө КМШнын Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, жогорку окуу жайлар жана коомдук уюмдар каржылык колдоо көрсөтөт.
Бүгүн уюштуруучулар кинофорум тууралуу басма сөз жыйын өткөрүшөт. Саамалыктын расмий ачылышы 22-декабрда «Ала-Тоо» кинотеатрында болот.
Казакстандык режиссер Шарип Уразбаевдин «Марьям» аттуу тасмасы менен кинофорум ачылат. 24-декабрда ушул эле кинотеатрда орусиялык режиссер Максим Дашкиндин "Ыраакта" («На дальних рубежах») деген фильми менен расмий жабылат.
Бул ирет кино форум коронавирустан кайтыш болгон кореялык режиссер Ким Ки-Дуктун жаркын элесине арналмакчы.
Быйыл форумда 30дай тасма көрсөтүлөт. (NT)