Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Мамытов: Элдин нааразылыгына шайлоонун адилетсиз өткөнү себеп болду

0
Мамытов: Элдин нааразылыгына шайлоонун  адилетсиз өткөнү себеп болду

Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов 20-декабрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары менен жолугушууда быйылкы парламенттик шайлоо таза өтпөгөнүн кеп кылды.  

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Кабарга караганда, жолугушууда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, республиканын социалдык-экономикалык абалы боюнча сөз болду.

Мамытов быйыл 6-7-октябрда өлкөдө элдик толкундоолор болуп, анын натыйжасында бийлик тынчтык жолу менен алмашканын эске салды. Калктын нааразычылыгына парламенттик шайлоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен жана адилетсиз өткөнү, республикада сапаттык өзгөрүүлөрдүн болбогону себеп болгонун белгиледи.

Быйыл өзүнө президенттин милдетин аткаруу боюнча чоң милдет жүктөлгөнүн айтты.

«Быйыл коронавирус пандемиясы атамекендик экономикага олуттуу таасирин тийгизип, республикалык бюджеттин тартыштыгы өстү. Буга карабастан, мамлекет бардык социалдык милдеттенмелерин аткарат», - деген Талант Мамытов алдыдагы президенттик шайлоонун таза жана ачык болушун камсыз кылуу үчүн болгон күч-аракет жумшалып жатканын кошумчалады.  

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциясы массалык тополоң менен коштолуп, натыйжада өлкөдө бийлик алмашкан.

Ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. Анын ордуна алгач өкмөт башчы болуп дайындалган Садыр Жапаров кийинчерээк президенттин милдетин да аткара баштаган. 

14-ноябрда Жапаров шайлоого катышуу максатында президенттин милдетин аткаруучу кызматын тапшырган жана премьер-министрликти убактылуу токтоткон. Көптөгөн талаш-тартыштан кийин Талант Мамытов спикер болуп дайындалып, учурда президенттин милдетин аткарууда.

Мөөнүнөн мурдагы президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөнү жатат. Ага 18 талапкер катышууда. (NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме






Changerella: мониторинг обменников в Telegram для выгодных сделок

Дептранс рассказал о правилах перевозки животных в каршеринге

Скончался актер и каскадер из «Место встречи изменить нельзя»

Заполняемость индустриальных парков Подмосковья достигла 87%