Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Кочкор районунда төрт киши иске ууланып каза болду

0
Кочкор районунда төрт киши иске ууланып каза болду

Нарындын Кочкор районунда иске ууланып төрт киши каза болду. Окуя болжол менен 19-декабрга караган түнү болгон. Жалпысынан беш киши ууланып, анын кесепетинен жаш келин үч кызы менен кошо көз жумган. Ал эми беш жаштагы бала ооруканага жаткырылган. Аман калган беш  жаштагы баланын абалы жакшы.

Баштапкы маалыматтар боюнча алар көмүрдөн чыккан иске ууланышкан.

Нарын облустук милициясы бул маалыматты ырастап, райондук бөлүмгө маркум келиндин агасы кайрылганын билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, маркумдарды текшергенде күч колдонулганы аныкталган эмес. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалдып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Каза болгон келин 1982-жылы туулган, калгандары 11, тогуз жана жети жаштаган кыздар экени аныкталган. Күбөлөрдүн айтымында, маркум балдарын жалгыз өзү бакчу. Ал балдары менен Теңдик айылында жашаган. (BsB)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Шнайдер вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме, победив Самсонову в российском дерби






Сдал подельников - и вдруг умер: Странная смерть банкира, давшего показания на "полковника-миллиардера" Захарченко

Начало мая в европейской части РФ стало самым холодным за всю историю

В конкурсе «Мисс Суздаль» в честь 1000-летия города победила девушка из Коврова

В России подскочили цены на съем квартир