Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Чек ара кызматы: Казакстандык режиссёрлор Кыргызстанга кире элек

0
Чек ара кызматы: Казакстандык режиссёрлор Кыргызстанга кире элек

Бишкекте өтүп жаткан кинофестивалга катышуу үчүн Кыргызстанга келе жаткан казак режиссёрлору Казакстандын чек арасынан өтө элек. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, казак жарандары Кыргызстанга эч кандай тоскоолдуксуз кире алышат.

«Казакстандык жети кинорежиссёр Кыргызстандын чек арасында кармалып турушканы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт. Алар Казакстандын аймагында турушат. Кыргызстандын аймагына кире элек. Казак жарандары тек-жайын тастыктаган документтери жана коронавирус менен оорубаганы тууралуу ПЧР анализи менен биздин өлкөгө эч кандай тоскоолдуксуз кире алышат», - деди ал.

Казакстандык кинорежиссёрлор КМШ мамлекеттеринин жаш киночуларынын VIII «Үмүт» форумуна катышуу үчүн Бишкекке келе жатышкан. Жети режиссёр чек арадан өтө албай турушканын форумдун уюштуруучуларынын бири, кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова басма сөз жыйынында билдирген. Анын айтымында, чек арадан өтө албай турган режиссёрлордун бири мүмкүнчүлүгү чектелүү адам.

22-декабрда Кыргызстанда КМШ мамлекеттеринин жаш киночуларынын VIII «Үмүт» форуму башталат.Форумдун ачылыш аземи 22- декабрда саат 11:00 дө «Ала Тоо» кинотеатрынын чоң залында өткөрүлөт. Ачылышта казакстандык режиссёр Шарипа Уразбаеванын «Мариям» толук метраждуу тасмасы көрсөтүлөт. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000






«Основания полагать»: Патрушев оценил влияние заморозков на урожай текущего года

На годовщину войны, которая не началась

На востоке Москвы "Жигули" с несовершеннолетними пассажирками врезались в грузовик

Наталья Сергунина: На ВДНХ представили обновленный ...