Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Нурсултан Назарбаевдин жакындарынын четтеги мүлкү тууралуу иликтөө жарыяланды

0
Нурсултан Назарбаевдин жакындарынын четтеги мүлкү тууралуу иликтөө жарыяланды

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындары дүйнөнүн кеминде алты өлкөсүндө 785 миллион долларлык кымбат баалуу мүлк сатып алган. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы жасаган жаңы иликтөөдө айтылат.

22-декабрда жарыяланган иликтөөдө Назарбаевдин туугандары, кыздары жана неберелери ишке ашырган бардык инвестиция жана кыймылсыз мүлк тууралуу маалымат бербесе да, бул байлыктын масштабын көрсөтүп, аны документалдуу түрдө далилдөөнүн алгачкы аракети болду. Бул мүлктүн айрымдары буга чейин маалымат каражаттарын кызыктырып, соттук териштирүүнүн обьектине айланган эле.

Иликтөөдө Франция менен АКШда Нурсултан Назарбаевдин иниси Болот Назарбаевге таандык, Испанияда, Британияда, Швейцарияда, Чехияда кызы Динара менен күйөө баласы Тимур Кулибаев ээлик кылган, Британияда дагы бир кызы Дарига жана анын уулдары сатып алган миллиондогон долларлык мүлк жөнүндө кеп болот.

Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1991-2019-жылдары башкарган. Ал бийликте тургандагы авторитардык башкаруу стили оппоненттеринин сынына кабылган. Ал өлкөнү жетектеп турганда Казакстандын экономикасы өскөн, бирок ага көбүнесе мунай жана газды сатуу себеп болгон.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в третий раунд турнира WTA-1000 в Риме






Житель Люберец установил рекорд мира по сценическому экстриму

Правнучку Валерия Чкалова объявили в розыск: Возбуждено уголовное дело

Shot: уехавшая из РФ Дапкунайте задолжала налоговой почти 550 тыс. рублей

СМИ: Суд приговорил Бишимбаева к 24 годам тюремного заключения