Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Беларуста Тихановская баш болгон оппозициялык кеңештин мүчөлөрүнө иш козголду

0
Беларуста Тихановская баш болгон оппозициялык кеңештин мүчөлөрүнө иш козголду

Беларустун Башкы прокуратурасы оппозициянын лидерлеринин бири, президенттикке талапкер болгон Светлана Тихановскаяга жана оппозициянын Координациялык кеңешинин мүчөсү Мария Колесниковага каршы кылмыш ишин козгоду. Алар экстремисттик жамаат түзгөн жана мыйзамсыз жол менен мамлекеттик бийликти басып алыш үчүн тымызын иш алып барган деп айыпталып жатат.

21-декабрда Александр Лукашенко Ички иштер министрлигине нааразылык акцияларынын катышуучулары боюнча бирдиктүү электрондук базасын түзүүнү тапшырды. Ал базада акция катышуучуларынын жашы, жашаган дареги, иштеген же окуган жери боюнча маалыматтар камтылат.

Беларуста быйыл август айында өткөн президенттик шайлоодон бери саясий кризис уланып жатат. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко утканын жарыялаган. Бирок оппозиция жана Батыштагы бир катар мамлекеттер шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Шайлоодо Лукашенконун негизги атаандашы болгон Светлана Тихановская өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал эми оппозициянын Координациялык кеңешинин мүчөсү Мария Колесникова камакка алынган.

Августтан бери жекшемби сайын оппозициянын тарапташтары бийликке каршы жүрүштөрүн өткөрүп келет. БУУнун эсеби боюнча Беларуста акциялардын жүрүшүндө 27 миңден ашык киши кармалган.

Беларус оппозиция буга чейин Сахаров сыйлыгына татыктуу болгон.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Саснович вышла в третий раунд турнира WTA-1000 в Риме






103 из 105 детских лагерей Подмосковья уже готовы к летнему сезону

Забег в поддержку команды по адаптивному хоккею пройдет в Подольске

​Utair запускает прямые рейсы из Нижневартовска в Сочи

Нижегородцы вошли в топ-20 активных участников «Бессмертного полка»