Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Москвада Навальныйдын командасынын эки мүчөсү жети суткага камалды

0
Москвада Навальныйдын командасынын эки мүчөсү жети суткага камалды

Москвада соттун чечими менен Алексей Навальныйдын командасынын эки мүчөсү жети суткага камакка алынды. «Навальный LIVE» каналынын продюсери Ольга Ключникова жана каналдын оператору Аким Керимов Административдик кодекстин негизинде полиция кызматкеринин мыйзамдуу буйругуна баш ийген эмес деп табылды.

Буга чейин Ключникова жана Керимов 21-декабрда кечинде кармалган. Алар Навальныйдын жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Любовь Соболь менен бирге канал үчүн түз эфир уюштуу максатында жүрүшкөн.

Андан бир күн мурун да дал ушул үч активистти Алексей Навальныйды ууландырды деген Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) кызматкери Константин Кудрявцевдин үйүнүн жанынан полиция кармап, акчалай айыппул салган соң коё берген.

21-декабрда Алексей Навальный өзүн ууландырган деген коопсуздук кызматынын кызматкерлеринин бири менен сүйлөшкөнүн жарыялаган. Анын айтымында, иликтөөчү журналисттер менен бирге өзүн ууландырууга катышкан ФККнын бир нече кызматкерине атайын жабдык менен чалып чыккан. Алардын арасында Константин Кудрявцев аттуу кызматкер менен «Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушевдин жардамчысы катары өзүн тааныштырып» сүйлөшкөн.

Анын жүрүшүндө Кудрявцев саясатчыны ууландыруу операциясына катышканын билдирген жана «эгер Навальный түшкөн учак дароо Томскиге конбогондо ал каза болмок» деген пикирин айткан.

Бул маалыматты ФКК чагым деп баалап, четке каккан.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Павлюченкова

Павлюченкова вылетела с турнира в Риме






Вице-канцлер Швейцарии Андре Симонацци скончался в походе

Москвичей предупредили о заморозках до утра 12 мая

В РПЛ сменился лидер турнирной таблицы

Планов было громадье — чем запомнился Дегтярёв хабаровчанам (ПЕРЕКЛИЧКА)