Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Мурдагы мэр Албек Ибраимовдун иши өзүнчө карала турган болду

0
Мурдагы мэр Албек Ибраимовдун иши өзүнчө карала турган болду

Бишкектин Биринчи май райондук соту 23-декабрда Кой-Таш окуясы жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата коррупциялык айыптоолор боюнча бириктирилген  ишти кароону улантты.  

Жараяндын жүрүшүндө сот прокуратуранын Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдун ишин өзүнчө бөлүп кароо тууралуу өтүнүчүн канааттандырды. Соттун чечими менен Ибраимовдун иши өндүрүштөн өзүнчө бөлүндү. 

Азыр Албек Ибраимовдун кайда экени белгисиз. Буга чейин анын жоктугуна байланыштуу сот отуруму бир нече ирет жылган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялар жапырт башаламандыкка айланган 6-октябрдын түнү 15 жылга эркинен ажыратылган Ибраимовду жана аны менен кошо башка соттолгондору тарапташтары абактан бошотуп алышкан. 

Абал турукташкандан кийин Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат Ибраимовдун 13-октябрда абакка кайтып келишин талап кылган. Бирок мурдагы мэр кайтып барган эмес. Кийинчерээк ага карата  "Жаза өтөө жайынан качуу" беренесинин негизинде дагы бир иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.  

Албек Ибраимов былтыр жыл аягында Бишкекте мектеп курулушундагы коррупция үчүн айыпталган. Ошондой эле «Дастан» ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.

Анын аты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон «Кой-Таштагы жер тилкеси» боюнча иште да аталат.

Буга чейин сот Атамбаев жана анын тарапташтары айыпталып жаткан Кой-Таш окуясы боюнча жараянга  мурдагы президентке козголгон үч ишти кошуп кароону чечкен.  Алар -  Кой-Таш окуясы, «Кылмыш жолу менен табылган кирешени мыйзамдаштыруу» жана «Кой-Таштагы жер тилкеси» боюнча иштер. Азыр Биринчи май райондук сотунда бул үч иш бириктирилип каралып жатат.

Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан Ибраимовго эл аралык издөө жарыяланган.(NT)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Казахстан узнал еще одну печальную новость после сюрприза Рыбакиной






Китайский мультфильм о добре и зле покажут в день открытия фестиваля анимации в Чите

Марья Лиивала стала новым послом Финляндии в России

Пушков: Запад не дождется от Си Цзиньпина изменения политики в отношении России

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» и все правительства могут отменить либо собрать все налоги!