Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Орусияда үйлөнүү тоюнда тартылган тасмадан улам жубайлар чыккынчылыкка байланыштуу айыпталып, кесилди

0
Орусияда үйлөнүү тоюнда тартылган тасмадан улам жубайлар чыккынчылыкка байланыштуу айыпталып, кесилди

Орусиянын Калининград облусунда Горчаков фондунун кызматкери Антонина Зимина жана күйөөсү Константин Антонец мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен узак мөөнөткө түрмөгө кесилди. Сот чечимине ылайык, Антонец 12,5 жылга, ал эми Зимина 13 жылга эркинен ажыратылды.

Соттолгон жубайларга карата кылмыш иши 2018-жылы козголгон. Андан бери иш жабык режимде каралып келген.

Азыр маалым болгондой, кылмыш иши жубайлардын үйлөнүү тоюнда тартылган видео тасмада Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкери түшүп калган соң козголгон. Бул тасмадан Латвиянын атайын кызматтары орусиялык тыңчыны таанып калышкан. Адвокаттар коопсуздук офицери мас абалында иши тууралуу өзү айтып бергенин билдиришүүдө. Бирок мамлекеттик айыптоо жубайлар атайын жашыруун маалыматты Литвага берген деп эсептейт.

Зимина жана Антонец өздөрүнө коюлган айыпты четке кагып, кылмышты мойнуна албай келатышат.

Учурда сот чечими күчүнө кире элек. Соттолуучулардын адвокаттары анын үстүнөн жогорку инстанцияга арызданууга камынып жатышат.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Карен Хачанов

Теннисист Хачанов вышел в третий круг "Мастерса" в Риме






Посол РФ сообщил о планах властей Маврикия внедрить карты «Мир»

В Подмосковье в ночь на воскресенье ожидаются заморозки до минус 1 градуса

ЦСКА обыграл «Зенит» в чемпионате России

Блок "Победа" заявил о восстановлении стратегического партнёрства с Россией